Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыБУУ: АКШнын Иранга сокку урганы — “кооптуу эскалация”

БУУ: АКШнын Иранга сокку урганы — “кооптуу эскалация”

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш АКШнын Ирандын өзөктүк объектилерине сокку урганын “кооптуу эскалация” деп атады.

Антониу Гуттериштин айтымында, учурда “чыр-чатак тез арада көзөмөлдөн чыгып кетип, жайкын тургундарга, аймакка жана жалпы дүйнөгө оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн болгон тобокелдик өсүп жатат”.

Ал Х социалдык тармагындагы баракчасына: “Бул кооптуу учурда башаламандык айлампасына түшүп кетүүдөн сактануу өтө маанилүү. Аскердик чечим жок. Жалгыз жол – дипломатия. Жалгыз үмүт – тынчтык»,-деп жазды.

Мунун алдында Трамп АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине – Фордо, Натанз жана Исфаханга сокку урганын билдирген.

Axios басылмасы булактарына таянып, АКШ Иранга сокку урууга камынып жатканын Израилге алдын ала билдирген. Израилдик жогорку кызмат адамы басылмага бул соккулар үчүн B-2 бомбалоочу учактары колдонулганын айткан.

Ирандын расмий өкүлдөрү да абадан сокку урулганын билдиришкен.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар