Жол эрежелерин бузуу боюнча протоколдор эми санарип форматта түзүлөт

Кыргызстанда укук бузууларды каттоо жана айдоочуларга байланышкан айрым эрежелерди өзгөртүүнү караган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Документ Санариптик кодексти ишке ашыруу максатында даярдалып, учурдагы мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюуга багытталган.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, жол эрежелерин бузуу боюнча протоколдор эми санарип форматта түзүлөт. Бул үчүн атайын маалыматтык системалар жана мобилдик тиркемелер колдонулат. Протоколдорду кагазга чыгаруу жана кол менен кол коюу талап кылынбайт, алар электрондук порталдар, мобилдик тиркемелер же SMS аркылуу жөнөтүлөт. Ошол эле учурда кагаз формат альтернатива катары сакталат.

Мыйзам долбоору автоматташтырылган системалар аркылуу укук бузууларды каттоону да өркүндөтөт. Маалыматтар бирдиктүү санариптик базага тез арада киргизилиши керек.

Өзгөртүүлөр жол кыймылына да тиешелүү:

  • чет өлкөлүк номерлүү унааларды айрым учурларда айып короого токтотпоо сунушталууда;
  • айрым олуттуу мыйзам бузуулар үчүн айып пулду эрте төлөгөндө берилчү 70% жеңилдик алып салынат;
  • полициясыз жол кырсыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте каттоо нормасы жоюлат.

Адистердин айтымында, бул өзгөртүүлөр административдик процесстерди жеңилдетип, ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана мыйзам бузуулардын алдын алуу механизмдерин күчөтүүгө багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз