Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыТрамп Израиль менен Ливандын лидерлери сүйлөшөрүн билдирди

Трамп Израиль менен Ливандын лидерлери сүйлөшөрүн билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп 16-апрелде Израиль менен Ливандын лидерлеринин сүйлөшүүсү өтөрүн билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүгө Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана Ливандын президенти Жозеф Аун катышмакчы.

Трамп бул жолугушуу Израиль менен Ливандын ортосундагы чыңалууну азайтууга багытталганын белгиледи. Ошондой эле эки өлкөнүн лидерлери акыркы жолу көп жыл мурда байланышканын айтты.

Бирок сүйлөшүү кайсы жерде жана кандай форматта өтөрү так айтылган жок.

Ошол эле учурда Ливандын расмий өкүлдөрү мындай жолугушуу тууралуу маалыматы жок экенин билдиришкен. Израиль тараптан да сүйлөшүү боюнча ар кандай маалыматтар айтылууда.

14-апрелде Вашингтондо Израиль менен Ливандын АКШдагы элчилери жолугуп, түз сүйлөшүүлөрдү баштоо боюнча макулдашканы кабарланган.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар