whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
07.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешЖогорку Кеңеш жаңы Жер кодексин кабыл алды

Жогорку Кеңеш жаңы Жер кодексин кабыл алды

4-июнда Жогорку Кеңеш Жер кодексинин жаңы редакциясын талкуусуз кабыл алды. Документти буга чейин президент Садыр Жапаров «жеке менчикке кол тийбестик бузулушу мүмкүн» деген негизде артка кайтарган.

Президент ошондой эле жер мамлекеттик муктаждык үчүн алынганда, жер ээси компенсация алышы керектигин белгилеген.

Жумушчу топ кодексти кайра иштеп чыгып, ал парламенттин тиешелүү комитеттеринде колдоо тапты. Ошондон кийин мыйзам кайра добушка коюлуп, кабыл алынды.

Эске салсак, мурунку версияга каршы өлкөдө бир катар нааразылык акциялары өткөн. Жарандар менчикке кол тийбестикти сактоону талап кылып, президентке мыйзамга кол койбоо өтүнүчү менен кайрылышкан.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар