whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
20.4 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАдамдын органдарын жана/же ткандарын трансплантациялоо жүргүзүү жөнүндө жобо бекитилди

Адамдын органдарын жана/же ткандарын трансплантациялоо жүргүзүү жөнүндө жобо бекитилди

Министрлер Кабинети “адамдын органдарын жана/же ткандарын трансплантациялоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында жарыяланды.

Токтомдун максаты жана милдети – Кыргыз Республикасында адамдын органдарын жана (же) тирүү донордун ткандарын трансплантациялоо процессин тартипке келтирүү жолу менен «Кыргыз Республикасындагы жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ишке ашыруу болуп саналат.

Ошондой эле токтом «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында трансплантациялоо үчүн органдарды жана (же) ткандарды алып салууну жүзөгө ашырган трансплантациялоо объекттеринин жана саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси, реестрди жүргүзүүнүн тартиби жана трансплантациялоо жөнүндө корутунду берүү сыяктуу эталондук ченемдерди колдонуунун өзгөчөлүктөрүн ачып берет.

Ошол эле учурда долбоор саламаттык сактоо уюмдарында органдарды жана/же ткандарды трансплантациялоодо медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн шарттарын кошумчалайт.

Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмү жана башкаруу схемасында Электрондук саламаттык сактоо борбору органдарды жана/же ткандарды трансплантациялоо реестринин санариптик платформасын иштеп чыгуу ушул Борборго жүктөлгөн жана санариптик платформаны иштеп чыгуу Борбор тарабынан тиешелүү жылга берилген финансылык каражаттарды пайдалануу менен ишке ашырылат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар