whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
08.03.2026
8.6 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыКонгодо белгисиз оорудан 52 киши каза болду

Конгодо белгисиз оорудан 52 киши каза болду

Конго Демократиялык Республикасынын түндүк-батышында ысытма менен коштолгон оору катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ооругандардын саны 943кө жетип, алардын 52си каза болгон. Бул тууралуу Actualite басылмасы жазды.

Оорунун биринчи учурлары 9-февралда катталган. Бул бардык курактагы адамдар үчүн коркунучтуу жана жогорку температура, чыйрыгуу, баш жана муун оорулары менен коштолот.

Конгонун саламаттыкты сактоо министрлиги Эбола вирусунун чыгышын жокко чыгарды, бирок оорунун келип чыгышы азырынча белгисиз бойдон калууда.

Бул өлкөдө мындай эпидемиологиялык кырдаал биринчи жолу болуп жаткан жок. Өткөн жылдын ноябрында Конгодо белгисиз оорудан 143 адам каза болгон. Оорулууларда сасык тумоого окшогон белгилер, анын ичинде жогорку температура жана катуу баш оору байкалган.

Мындан тышкары, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму декабрдын башында Конгодо «Х оорусу» деп аталган оорунун чыгышын жарыялаган.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар