Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктары8-мартка кыз-келиндерге үч доллардан белек кылат

8-мартка кыз-келиндерге үч доллардан белек кылат

8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Түркмөнстан бийлиги быйыл да 60 манат, болжол менен 3 доллар акчалай белек тапшырат.

Түркмөнстандын «Ватан» маалымат программасы кабарлагандай, акчалай белекти тапшыруу 1-мартта башталып, 6-мартка чейин уланат.

Белекти мамлекеттик жана жеке ишканаларда эмгектенген аялдар, пенсионерлер, социалдык жөлөкпул алуучулар, ошондой эле бардык билим берүү жайларында (бала бакчадан баштап докторантурада окугандарга чейин)окуган кыздар ала алышат.

Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов кол койгон документте бул каражат «өлкөнүн өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүүсүнө аялдардын кошкон салымын таануу» жана «энелер менен эже-карындаштарды урматтоо боюнча улуттук салтты улантуу» максатында берилери көрсөтүлгөн.

Учурда Түркмөнстанда 60 манатка бир нече килограмм пияз же бир килограмм эт сатып алса болот.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар