Башкы беткеАба ырайыАпрель айында аба-ырайы нормадан ысык болот

Апрель айында аба-ырайы нормадан ысык болот

Кыргызгидромет апрель айына карата аба ырайынын алдын ала божомолун жарыялады. Ага ылайык, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын орточо температурасы климаттык нормадан 1–2°C жогору болот. Жаан-чачындын көлөмү негизинен нормага жакын деңгээлде күтүлөт.

Чүй облусу

Чүй облусунда орточо температура 12–14°C, ал эми тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө 7–9°C болот.
Түнкүсүн аба 1…6°Cден 11…16°Cге чейин жылыйт. Айрым күндөрү -2…-4°Cге чейин үшүк жүрүшү мүмкүн.
Күндүз 11…16°Cден 20…25°Cге чейин көтөрүлүп, кээде 27…32°Cге жетиши ыктымал.

Талас облусу

Талас облусунда орточо температура 10–12°C болот.
Түнкүсүн 1…6°Cден 9…14°Cге чейин, кээде -3…-5°Cге чейин үшүк болушу мүмкүн.
Күндүз 9…14°Cден 19…24°Cге чейин өзгөрүп, айрым күндөрү 26…31°Cге чейин ысышы ыктымал.
Жаан-чачындын көлөмү 46–52 мм чегинде.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Ош облусу, Жалал-Абад облусу жана Баткен облусунда орточо температура 13–15°C, тоо этектеринде 10–12°C болот.
Түнкүсүн 2…7°Cден 11…16°Cге чейин. Кээде 0…-2°Cге чейин үшүк болушу мүмкүн.
Күндүз 12…17°Cден 22…27°Cге чейин, айрым күндөрү 28…33°Cге чейин жогорулайт.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл облусунда орточо температура 7–9°C болот.
Түнкүсүн -4°Cден 6…11°Cге чейин өзгөрөт.
Күндүз 9…14°Cден 19…24°Cге чейин жетет.
Жаан-чачын 10–22 мм, чыгыш бөлүгүндө 33–64 мм.

Нарын облусу

Нарын облусунда орточо температура 7–9°C болот.
Түнкүсүн 0…-5°Cден 5…10°Cге чейин.
Күндүз 3…8°Cден 13…18°Cге чейин өзгөрүп, кээде 19…24°Cге чейин жылыйт.
Жаан-чачын 20–36 мм чегинде күтүлөт.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар