«Асман» экологиялык шаар долбоору Кытайда көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин өкүлдөрү Кытайга жумушчу визит менен барып, Шанхай жана Нанкин шаарларында инвестиция тартууга багытталган бир катар иш-чараларды өткөрүштү.

Шанхайда делегация эл аралык бизнес-форумга катышып, Кыргызстандын инвестициялык климатын жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн видеоматериалдар менен тааныштырды. Форумдун негизги темалары санариптештирүү, инфратүзүмдү өнүктүрүү жана заманбап технологияларды шаар курулушунда колдонуу болду.

Нанкиндеги презентацияда “Асман” экологикалык шаар долбоору көрсөтүлүп, кытайлык бизнес чөйрөсүнүн жогорку кызыгуусун жаратты. Визиттин жүрүшүндө компаниялар менен жолугушуулар болуп, Кыргызстандын аймагында инновациялык чечимдерди колдонуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз