Бишкек шаарында аптанын башында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу синоптиктер алдын ала билдиришти. Өлкөнүн айрым тоолуу аймактарында жаан жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад шаарыларында күн бүркөк болот.
Аба ырайынын божомолуна ылайык, 30–31-март күндөрү күн ачык болуп, түнкүсүн абанын температурасы +8°Cге чейин жетет. Күндүз болсо аба ырайы жылып, +26°Cге чейин көтөрүлөт.
1-апрелде да күн ачык бойдон сакталат. Түнкүсүн температура +10°Cге жетсе, күндүз +27°Cге чейин жылыйт.
Мындай жагымдуу аба ырайы шаар тургундарына жана конокторуна эс алуу үчүн ыңгайлуу шарт түзөт.


