Чүй облусунун Аламүдүн районунда “2026-жылга балык уулоо сезонунун ачылышы” аттуу эл аралык спорттук иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасы Кыргызстан тоолуу өлкө болуу менен катар Борбор Азиянын суу мунарасы экенин белгилеп, өлкөдө спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого бардык шарттар бар экенин билдирди. Анын айтымында, балык чарбасы учурда активдүү өнүгүп, ички рынокту толук камсыз кылуу менен катар экспортко да багыт алууда.
Ошондой эле балык уулоону жөнгө салуу жана өнүктүрүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан системалуу иштер жүргүзүлүп жатканы, анын ичинде электрондук балык уулоочу билет системасы иштеп жатканы белгиленди.
Иш-чаранын алкагында эл аралык турнир өткөрүлүп, ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан жалпы 60 спортчу катышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр сыйланды.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда балык уулоо спорту боюнча федерация 2016-жылы түзүлгөн. Быйыл анын түзүлгөнүнө 10 жыл толду.

