Аярлуу балдарга жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлүүдө

Майыптыгы бар адамдарга кызмат көрсөтүүчү «Аяр» реабилитациялык борборунда жаңы жылдык майрамдык иш-чара уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында борбордун кызмат алуучулары даярдаган чыгармачыл концерттик программа көрсөтүлүп, майрамдык шаң жана жаңы жылдык атмосфера түзүлдү.

Салтанаттын урматтуу коноктору катары Жогорку Кеңештин депутаты Гульнара Акимбаева жана Бишкек шаардык кеңешинин «Эмгек» фракциясынан депутат Элизавета Алымбаева катышып, борбордун кызмат алуучуларын келе жаткан Жаңы жыл менен куттукташты.

Коноктор катышуучуларга бекем ден соолук, бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалап, жаңы жылдык белектерди, жылуу кийимдерди, бут кийимдерди жана башка керектүү буюмдарды тапшырышты.

Майрамдык иш-чара жылуу жана жагымдуу маанайда өтүп, борбордун кызмат алуучуларына позитивдүү эмоцияларды жана жаңы жылдык кубаныч тартуулады.

Мындай жаңы жылдык кечелер өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүп жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз