Кытай Тайвандын айланасында согуштук ок атуу менен аскердик машыгууларды өткөрүүдө

0
7961

Кытай Эл Республикасы Тайвандын айланасында «Адилет миссиясы – 2025» аталышындагы ири аскердик машыгуулардын экинчи күнүн өткөрүп жатат. Бул тууралуу кытай тарап расмий билдиргенин эл аралык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка ылайык, шейшемби күнү эртең менен Тайвандын айланасында согуштук ок атуу менен коштолгон машыгуулар башталган. Ушуга байланыштуу Кытай бийлиги жети аймакта аба мейкиндигин убактылуу жапкан. Тайвандын авиациялык органдарынын билдиришинче, бул чечим 100 миңден ашуун эл аралык авиакаттамдардын жүргүнчүлөрүнө таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондой эле Тайвандын негизги аралы менен алыскы аралдар ортосунда каттаган учактардагы болжол менен 6 миң жүргүнчү жабыркайт.

Пекиндин маалыматына караганда, машыгуулардын алгачкы күнүндө Кытайдын бомбалоочу учактары Тайвандын чыгышындагы деңиз аймактарынын үстүнөн учуп өтүп, деңиз жана аба күчтөрүнүн биргелешкен операцияларын жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн текшеришкен.

Кытай Элдик-боштондук армиясынын Чыгыш командачылыгынын расмий өкүлү бул машыгуулар Тайвандын көз карандысыздыгын колдогон сепаратисттик күчтөргө жана тышкы кийлигишүүлөргө каршы катуу эскертүү экенин билдирди.

Маалыматтарга караганда, бул аскердик аракеттер Тайвандын администрация башчысы Лай Циндени ооздуктоо максатын да көздөйт. Пекин аны «тайваньдык көз карандысыздыкты жактоочу» деп эсептейт. Ошондой эле машыгуулар АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясына да багытталган сигнал катары бааланууда. Анткени ушул айда АКШ Тайванга курал-жарак экспорттоого уруксат берген.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз