Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактарда «Нарын облусу такыр каралбай калды» деген билдирүү тараткандарга жооп берди.
Каныбек Туманбаевдин айтымында, өлкөбүздүн башка аймактарындай эле, Нарын облусунда да ири жумуштар аткарылууда.
«Учурда социалдык тармактарда Нарын облусунун өнүгүүсүн өлкөбүздүн башка аймактары менен салыштырган видео тарап жатат. Нарын облусу такыр каралбай калды деген маңыздагы бул видео карапайым калктын ой пикирин бурмалап жатат.
Анткени өлкөбүздүн башка аймактарындай эле, Нарын облусунда да ири жумуштар аткарылууда. Нарын облусу боюнча жалпы 9 млрд 455 млн сомдук инфратүзүмдүк обьектилер ишке ашырылууда»,-деген ал.
Туманбаев төмөнкү далилдерди келтирген:
• Облус боюнча 2025-жылга 197,53 км чакырым жолго асфальт төшөөгө 1 млрд 466,9 млн сом каралып, иштер жүрүп жатат.
• 1 млрд 380,6 млн сомдук 98 обьекти планга (куруу — 31, мамлекеттик казыналык облигациялар боюнча — 14, капиталдык оңдоп-түзөө — 25, долбоордук-сметалык документтерин даярдоо — 28) киргизилип, жумуштар аткарылууда.
• Нарын шаары боюнча жалпы 146,4 млн сом — 6 объекттин курулушуна (2 саламаттык сактоо, 1 спорт, 1 бала бакча, 2 башка (инженердик тармак жана административдик имарат); 4 объекттин оңдоп-түзөөсүнө (3 мектеп, 1 спорт) каралган;
• Ак-Талаа району жалпы 82,6 млн сом — 7 объекттин курулушуна (1 мектеп, 4 бала бакча, 1 саламаттык сактоо, 1 маданият); 2 мектептин оңдоп-түзөөсүнө; 2 объекттин долбоорлоо иштерине каралган;
• Ат-Башы району 54,9 млн сом — 4 объекттин курулушуна (3 бала бакча, 1 спорт); 6 объекттин оңдоп-түзөөсүнө (5 мектеп, 1 маданият); 2 бала бакчанын долбоорлоо иштерине каралган;
• Жумгал району жалпы 183,4 млн сом — 5 объекттин курулушуна (1 мектеп, 3 бала бакча, 1 спорт); 5 объекттин оңдоп-түзөөсүнө (4 мектеп, 1 бала бакча); 10 объекттин долбоорлоо иштерине каралган;
• Кочкор району жалпы 279,7 млн сом — 5 объекттин курулушуна (2 мектеп, 1 спорт, 2 башка (автовокзал, административдик имарат); 7 мектептин оңдоп-түзөөсүнө; 8 объекттин долбоорлоо иштерин каралган;
• Нарын району боюнча жалпы 174,3 млн сом — 8 объекттин курулушуна (7 мектеп, 1 бала бакча); 5 объекттин оңдоп-түзөөсүнө (3 мектеп, 2 бала бакча); 6 объекттин долбоорлоо иштерине каралган.
• Ирригациялык системаларды курууга, оңдоп-түзөөгө 2 млрд 411,3 млн сом (Шамшы суу сактагыч-831,6 млн сом, Түгөл- Сай суу сактагыч -1430,3 млн сом) каралган.
• Мындан тышкары, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан таза суу системасын курууга 2 млрд 895,2 млн сомдун каржылоосуна 43 айыл киргизилип, (биринчи этап менен 28 айыл жана экинчи этап менен 15 айылга) курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
• Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосунда 494 млн сомдук “Нарын шаарындагы ичүүчу суу жана саркынды суу системаларын реабилитациялоо” долбоор ишке ашырылууда.
• Нарын шаарын өнүктүрүүгө: 807 млн сом каралууда. Нарын шаарында Искусство, маданият жана инновациялар борборунун, шаардык мончонун, балдардын көңүл ачуучу борборунун курулушу жүрүүдө. Нарын шаарындагы автобекеттин азыркы имаратын реконструкциялоо иштери жасалып жатат.
Туманбаев ошондой эле, президенттин жеке демилгеси менен Нарын облусуна дагы 1 млрд сомго жакын кошумча каражат бөлүнгөнүн белгиледи.
«Урматтуу Теңир-Тоону байырлаган мекендештер!
Мамлекет башчыбыздын, ар бир кыргызстандык үйлүү болсо, жакырчылык түп тамырынан жоюлса, ар бир айылга чейин асфальт жетсе, элет жеринде шаардагыдай шарт түзүлсө, аймактар аралык каттам учак менен аткарылса деген изги тилеги бар, Аны менен арыштуу аракеттерин көрүп жатасыздар. Ооба буга чейин топтолуп калган көйгөйлөр чачтан көп, анын баарын бир заматта чечип жиберүү мүмкүн эмес. Бирок акыркы жылдары бюджетибиз бир нече өсүп, бардык тармактарда жылыштар “илбирстин секиригиндей” жанданды. Сабыр кылып турсаңыздар, жакын арада өнүгүүнүн түшүмү Кыргызстандын булуң бурчуна чейин жетип, анын ичинде Нарын облусунда сыймыктана турчу обьектилер курулат»,-деген ал.
Ал ошондой эле төмөнкү объектилерди кошумчалаган:
Өнөр жай, маданият жана инновация борборунун курулушу
• Биринчи кабаттын аянты: 1 666 м²
• Экинчи кабаттын аянты: 1 300 м²
• Үчүнчү кабаттын аянты: 1 278 м²
• Подвалдын аянты: 1 648 м²
• Жалпы аянты: 5 892 м²
• Сметалык баасы: 340 292 898,00 сом
Нарын шаарындагы шаардык мончонун курулушу
• Биринчи кабаттын аянты: 576 м²
• Экинчи кабаттын аянты: 576 м²
• Үчүнчү кабаттын аянты: 576 м²
• Подвалдын аянты: 576 м²
• Жалпы аянты: 2 304 м²
• Сметалык баасы: 141 098 995,22 сом
Нарын шаарындагы автовокзалдын имаратын реконструкциялоо
• Бир кабаттын аянты: 612 м²
• Жалпы аянты (2 кабат): 828 м²
• Жалпы аянты: 1 440 м²
• Сметалык баасы: 53 467 679,98 сом
Балдарга арналган көңүл ачуучу борбор
• Бир кабаттын аянты: 648 м²
• Жалпы аянты (2 кабат): 1 296 м²
• Сметалык баасы: 74 202 326,76 сом