whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүДастан Дюшекеевге II даражадагы “Достук” ордени ыйгарылды

Дастан Дюшекеевге II даражадагы “Достук” ордени ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеевге II даражадагы “Достук” ордени ыйгарылды.

Сыйлык Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Элчиси Д. Дюшекеевдин кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштык мамилелерин чыңдоого кошкон салымын таануу иретинде Казакстан Президентинин Жарлыгы менен ыйгарылды.

Салтанаттын жүрүшүндө Казакстандын Тышкы иштер министри Ермек Кошербаев Элчи Д. Дюшекеевдин эки боордош эл жана өлкө ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүүдөгү активдүү ролун белгилеп өттү.

Белгилей кетсек, “Достук” ордени — Казакстандын мамлекеттик сыйлыгы болуп эсептелет жана ал жарандарга элдер ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоодогу өзгөчө эмгеги үчүн ыйгарылат.

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар