Кытайда Янцзы дарыясынын астынан өтүүчү, узундугу 14 чакырымдан ашкан жогорку ылдамдыктагы темир жол туннелинин курулушу аяктады. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттары агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы туннель Чунмин аралы менен Тайцан шаарын байланыштырат. Объектти жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Туннель аркылуу жүргөн поезддер саатына 350 чакырымга чейин ылдамдыкта каттап, шаарлар ортосундагы жол жүрүү убактысын кыйла кыскартат. Кытай акыркы жылдары темир жол инфраструктурасын активдүү өнүктүрүп, жер алдындагы жана суу алдындагы ири долбоорлорду ишке ашырууда.
Буга чейин Синьцзян-Уйгур автоном районунда узундугу 22,13 чакырым болгон “Тяньшань Шэнли” туннели пайдаланууга берилген. Ал дүйнөдөгү эң узун автоунаа туннелдеринин бири катары саналат. Ошондой эле эл аралык деңгээлде да ири инфраструктуралык демилгелер сунушталууда. Мисалы, Азербайжанда Каспий жана Кара деңиздерин жер алдындагы туннель аркылуу туташтыруу идеясы көтөрүлгөн.

