Бүгүн, 17-октябрдан тарта Бишкекте “Алтын күз” азык-түлүк жарманкеси жана “АгроТехЭкспо-2025” агроөнөржай көргөзмөсү Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтүп жатат. Иш-чаралар 19-октябрга чейин уланат.
Жарманкеде өлкөнүн бардык дубандарынан — Ош, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас, Баткен жана Чүй аймактарынан келген өндүрүүчүлөр өз продукцияларын сунуштап жатышат. Жарманкеде кадимки азык түлүктөр, сүт, ун жана эт азыктары, жер жемиш, мөмө-чөмө түрлөрү коюлган.
Көргөзмөдө айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү жабдуулар, үрөндөр, жер семирткичтер жана инновациялык технологиялар, ошондой эле асыл тукум малдардын түрдүү породалары көрсөтүлүп жатат.
Алуучулардын айтымында, жарманкедеги азык-түлүктөрдүн баалары базар бааларынан анчалык айырмаланбайт, бирок продукциялардын табигый жана таза экендиги көрүнүп турат.

















