Бүгүн, 20-октябрдан тартып Бишкекте Х «Art-Ordo — 2025» эл аралык театр фестивалы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Фестиваль 20–25-октябрь күндөрү өткөрүлүп, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына жана Кыргызстан эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин 90 жылдык мааракесине арналат. Юбилейлик Х эл аралык «Art-Ordo — 2025» фестивалына он театр катышып, ар бири бирден спектакль сунуштайт.
Иш-чаранын негизги максаты — Улуу Жеңишти даңазалоо, Мар Байжиевдин чыгармачылыгын эскерүү, кыргыз театр өнөрүн өнүктүрүү жана эл аралык деңгээлге чыгаруу, ошондой эле театрлар ортосунда тажрыйба алмашуу, жаш актёрлор менен чыгармачыл муунду колдоо болуп саналат.
Фестиваль Бишкектеги бир нече театр аянтчаларында өтөт. Алардын катарында Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театры, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры жана Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры бар.
Спектаклдер күнүнө эки жолу — саат 11:00дө жана 19:00дө көрсөтүлөт. Бардык каалоочулар фестивалдын көрсөтүүлөрүн акысыз көрө алышат. «Art-Ordo — 2025» фестивалы кыргыз театр өнөрүн жаңы деңгээлге чыгарып, эл аралык маданий байланыштарды бекемдөөгө багытталган маанилүү маданий иш-чара болуп эсептелет.

