Ош шаарында өрттөн жабыркаган батирлердин баары толук калыбына келтирилет. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев үйдүн жашоочулары менен жолугушуу маалында билдирди.
Анын айтымында, учурда көп кабаттуу үйдүн чатырынан чыккан өрттүн кесепеттерин жоюу боюнча тиешелүү кызматтар иш алып барууда. Мэр белгилегендей, президент Садыр Жапаров өрттөн жабыркаган үйдүн чатырын жана батирлерди толук калыбына келтирип, бул ишти жеке көзөмөлүнө алууну тапшырган.
“Баары мэриянын эсебинен бүткөрүлөт. Кыжаалат болбоңуздар, эң башкысы — жашоочулар аман. 13-кабат мансард тибинде болуп, анын эки тарабында алты батир жайгашкан. Үч батирде адамдар жашап, калгандары бүтө элек экен. Бул кабат толугу менен, ошондой эле 6, 10, 11 жана 12-кабаттардан бирден батир күйүптүр. Эртеңден тартып курулуш материалдарын алып келип, жаан-чачын алдында калтырбастан батирлерди калыбына келтирүү ишин баштайбыз”, — деди Токторбаев.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, тилсиз жоо саат 16:00дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн болжолдуу аянты 1895 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар болгон эмес. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби иликтенүүдө.
Эске салсак, кечээ таңга жуук Ош шаарындагы Маматисакова көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккан. Кырсыкты өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен сегиз бөлүм, эки автошаты, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, Куткаруу кызматынын төрт куткаруучусу жана штаб тартылган. Ошондой эле милиция жана тез жардам кызматтары да окуя болгон жерде иш алып барышкан.

