whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
31.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомТокарь Станбек Айтикеев

Токарь Станбек Айтикеев

     Токарь, токардык станок десе да, дароо көз алдыңызга миңдеген жумушчулар иштеген заводдор элестейт, ыраспы. А Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында токардык штат жана театрдын жертөлөсүндө токардык станок бар десе, ишенбесеңиз керек. Андай болгондо, токардык кесип менен опера жана балеттин, искусство менен усталык өнөрдүн кандай байланышы болушу мүмкүн деген суроо өзүнөн өзү жаралат эмеспи.
    Көрсө, токардык өнөр да кол өнөрчүлүк менен искусствонун айкалышынан келип чыккан, зергерлик тактык, хирургдай кылдаттыкты талап кылган өнөр экен.

Мен Кыргыз улуттук опера жана балет театрына келип иштегениме жыйырма жылдын жүзү болуп калды. Театрда иштеген таанышым бар эле, күндөрдүн биринде ошол жолугуп калып, “Стаке, сиздин токардык тажрыйбаңыз көп. Темирге жан саласыз. Үйлөмө аспаптардын, ударниктердин, фортепианонун буроолору түшүп калса, Япония, Москва, Санкт-Петербургдан буюртма берип, олчойгон акчага алдырып жатабыз. Акчасынан да бир кичине буроо келгиче, ортодо 2-3 ай өтүп, концерттер үзгүлтүк болуп жатат. Япония, Санкт-Петербургдан алдырылган буроолорду сиз токардык станокто жасап кое аласыз да” деп калды. “Болуптур, барып көрөйүн” деп эртеси эле, театрдын директоруна кирдим. “Токардык тажрыйбаңыз канча?” – дейт. “40 жылга таяп калды” – дедим. Башка сураган жок. Дароо буйрук чыгарып жумушка алды. Келсем, токардык станок деген эле аты бар, көп керектүү нерселер жетишпейт экен, балапанына жем ташыган чымчыктай, Бишкекти түрө кыдырып, керектүү кошумча шаймандарды жыйнадым. Аңгыча ударник, үйлөмө аспаптарынын буроолорун түшүрүп алган музыкант балдар келишти. Анан мен колума лупаны алып, буроонун ордун карап, ченеп, 1мм, 2мм, 3ммдык буроолорду жасап бере баштадым. Алгач ишенкиребегендей мамиле жасашкандай көрүндү. Элестетип көргүлө, мурда чыгышынан Япония, батышынан Москва, Санкт-Петербургдан кызылдай долларга буюртма менен алдырып жатса, а мен болсо карапайым элеттен келген токарь аны жасайм деп жатсам, бир чети аларды да түшүнсө болот эле.

Ал буроолорду да кадимки темирден жасабайсың. Латундан жасайсың. А латунь чорт сынма келет. Токардык станоктун бычагы курч болбосо, латундан бир нерсе жасайм деп убара болуп кереги жок. 1 мм. буроо жасоо үчүн ылдам айлантып, керектүү көлөмгө чейин жоносуң. Анан сай чыгарып кесип аласың. Өтө майда жумуш, көздүн курчун алат, зергерлик чеберчиликти талап кылат. Ошентип, мен ишке киргени театр сыртка буюртмаларды бербей калды, – дейт театрдын токары – чебер темир уста Станбек Айтикеев.

Азыркы учурда театрдын токардык станок менен байланышкан иштеринин баарын театрдын аксакалы, токардык эмгек стажасы 55 жыл болгон Станбек Айтикеев жасайт. А андай иштер театрда аябай эле арбын. Театрдын сахнасынан баштап, сырттагы унаалар паркына чейин, токардын жардамы керек болсо, Станбек байкеге келишет. Музыканттардын музыка аспаптары да кээде токардын кол өнөрчүлүгүн талап кылып калган учурлар болот.

Бекеринен токардын жумушун жөн гана техника эмес, ал чеберчилик менен чыгармачылыктын айкалышы дебейт. Токарь чыныгы сүрөтчү, чебер скульптор сыяктуу бир кесим темирди же латунду көз жоосун алган, так иштелген, толук кандуу буюмга айланта алат. Бул үчүн токарь темирди же латунду тактык менен кесет, көсөйт, тешет, жонот, калибрлеп өзгөчө буюм жаратат.

Станбек байкенин айтымында, ал 1948-жылы Панфилов районунун Кум-Арык айылында төрөлгөн. Атасы Айтике кыргыз-казакка белгилүү чоң уста болгон экен. Тилекке каршы, ал атасын жакшы эстей албайт. Станбек байке 3-4 жашка чыкканда атасы, 5тен өткөндө апасы кайтыш болуп, Таластагы таякеси Качы аксакал аялы менен келип, Панфилов районунун Кум-Арык айылынан баякеси Рыскулбек экөөн көкүрөк Таластын Кең-Сай айылына алып кетишет. Бул 1952-жылдар эле. Ошентип, балалыгы Кең-Сайда өтүп, Кең-Сайдан 1-класска, мектепке барат.

– Мектебибиз – мектеп деген аты эле бар, төрт катар парта коюлган бир бөлмө жалпак там. Биринчи катарда 1-класс, экинчи катарда экинчи класс, үчүнчү катарда 3-класс, төртүнчү катарда 4-класс отурат. Окуучулар саналуу, төрт класс чогуу окуйбуз, Сарыгул, Байысбек, Жусупбек агайлар сабак берет. Элүүнчү жылдардын этегинде колхоздорду ирилештирүү башталып, 1959-жылы күзүндө Рысбек Айдаралиев башкарма болуп келип, “Каракол” колхозун уюштуруп, мурдагы жети-сегиз майда чарбаны бириктирип, ылдый азыркы Көпүрө-Базар айылы отурукташкан жерге көчүрө баштады. Баарыбызды 1960-жылдын апрелине чейин көчөсүңөр деген, биз ал жылы көчпөй, кийинки 1961-жылы көчтүк. 1-сентябрга карата мектепке келсем, Сүйүтай агай турган экен, мени “Ай Качынын баласы сен класска кирбей, мугалимдер бөлмөсүнө кирчи” деди. Анда Сагын Абдылдаев чабандардын балдарын, жетимдерди чогултуп, Талас шаарындагы №1 мектеп-интернатка алып кетип окутканга тизмелеп жаткан экен. “Барасыңбы?” деп сурады. “Барам” дедим. Ошентип, 3-класстан Рыскулбек байкем экөөбүз Таластагы №1 мектеп-интернаттан окуп калдык. Аерде 1961-1965-жылдар окудум. 1965-жылы Таластын төмөн жагындагы Жоон-Дөбө совхозундагы №13 кесипчилик-техникалык окуу жайынан билим алдым. Ал жерде тракторчу, осеменатор, ветеринарияга үйрөтчү.  Аерде бир жыл окуп, кайра айылга келдим. Чарбанын башкы ветврачы Сатыбалды байке экен. Мени райондук санитар болуп иштейсиң, айлыкты райондон аласың деп койду. Ошентип Шапы, Көчөкө, Ашым, Бообек байкелер менен чогуу иштеп калдым. 16 жаштагы боз уланмын. Мени колхоздун Кара-Кыштактагы субай малын карайсың деп бөлүп койгон. Сатыбалды байке “Барып, малчылардын кем-карчын билип кел. Чабандардын уну, талканы, чайы барбы, малдын тузу, чөбү кандай, жазып кел” дейт. Таң саардан чыгып, Кара-Кыштактын капчыгайынан өйдө Бузулган-Көлгө чейин түрө кыдырып, Акташты ашып, түн ичинде айылга келип калам. 1968-жылы армияга кеттим, – дейт Станбек
байке.

…Советтик Армиянын катарына чакырылган Станбек Айтыкеев Забайкал аскер округунда, чек арага чукул, танкалык аскер бөлүгүндө кызмат өтөп токардык өнөргө ошол жерден үйрөндү. Ооба, токардык өнөргө. Станбек байке үчүн токардык бул кесип эмес, ал өнөр, болгондо да изденүүчүлүктү талап кылган өнөр.

– Жансыз темирге жан киргизүү бардык эле адамдын колунан келе бербейт. Токардын колунан жаралган буюмду дүйнөнүн эң алдыңкы технологиясы да жасай албайт. Бул өнөр колдун чеберчилигин гана эмес, ой жүгүртүүнү, ойлонууну да талап кылат. Орустарда “Холодная голова, горячее сердце и чистые руки” деп коет го, көп учурда токарга ушундай сапат керек. Жети жолу өлчөп бир жолу кесмейин, жасап жаткан буюмуңду бузуп салуу оңой эле, – дейт.

1970-жылы армиядан келип, бир жумадан кийин “Каракол” колхозунун башкармасы Рысбек Айдаралиевдин үйүнө барат.

– Жол болсун, – дейт башкарма.

– Жумушка чыксамбы деди элем, –дейт жаш Станбек.

– Келгениңе аз эле болду го, анча эмнеге ашыгып жатасың. Сени менен теңдүүлөр армиядан келгенде, душманга туу сайып келгенсип, 3-4 айлап жүрчү эле, – дейт кыраакы башкарма.

– Бекерчиликтен тажап кеттим, эгер мүмкүн болсо колхоздун токарына жардамчы кылсаңыз, – дейт анда Станбек.

– Атаң Айтыке темирди ийлеген чоң уста эле, атаңды тартсаң чоң уста болосуң. Барып, башкы инженер Жанкорозго айт да, токарь Айтыкулга жардамчы болуп иштей бер, – дейт Станбектин дилгирлигине ыраазы болгон башкарма.

Станбек байкенин токардык өнөргө узанган жолу ошондо башталган. Айтыкул устадан өнөргө үйрөнгөн жаш Станбек 2-3 ай иштегенден кийин Таластагы айыл
чарба бирикмесине токардык кесиптин сырларын үйрөнүп келип, калган-катканын иштин жүрүшүндө өз акылы менен өздөштүрөт.

Ошентип, ал 20 жыл “Каракол” колхозунда тынбай эмгектенип, кийин союз тарар алдында Талас районундагы “Живпром” сүт-товар чарбасында иштеди. Чарбанын директору Соотбек Токтогазиев анын колу билгилигин угуп, бирөөлөрдөн чакыртып ийген экен. Станбек байке: “Үй берсе барат элем” деген шартын айтат. “Келсин, үй болот” дейт Соотбек Токтогазиев.

Чарбага караштуу үйлөрдөн 5 бөлмө үй бөлдүрүп берип, эми күжүлдөп иштеп жатканда, союз тарап, “Живпром” да жою-лат. Анан жумуш издеп жүргөндө, Талас шаарындагы ак тегирмен менчиктештирилгенин угуп келип, анда 2000-жылдарга чейин иштеп калат. Андан Бишкекке келип, алгач “Сельмашстройдо”, анан Бакай-Ата конушундагы “Кыргызалтын” концернинин цехинде 4-5 жыл иштейт. “Кыргызалтын” концерни деп аты эле алтын болбосо, ошол мезгилде бул мамлекеттик ишкана отуруп калган экен. Кээде айлык төлөй албай калган учурлары болот. Мындай каржылык кыйынчылыкка кайыл болуп, бир топ чыдайт да, акыры Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрына баса берет.

Мактагандай болбойлу, Станбек байке чындыгында да колунан көөрү төгүлгөн токарь. Элестете бергиле, музыкалык аспапка 1мм. буроо жасап, ага сай салып, жонуп, заводдукунан айырмасы жок кылуу үчүн кандай чеберчилик керек. А Станбек Айтыкеевде мына ошондой зергерлик чеберчилик, чыныгы сүрөтчүдөй изденүүчүлүк, хирургдай кылдаттык бар. Ал буга өмүр бою узанып жүрүп жетишкен. Усталык, зергердик чеберчилик атасынан калган өнөр болгону да Станбек байкенин артыкчылыгыдыр.

– Атам таштарды эритип, темир алып, кайра темирди ийлеп, андан элге керектүү буюмдарды жасаган чоң уста болуптур. Мен атамды канчалык тарттым, усталык өнөрдө атамдан оздумбу, аны айта албайм. Бир жылы Рыспек башкарма мага жооптуу тапшырма берип, бир буюмду жасап бер деп суранды. Эми андайды устанын устасы, токардын токары гана жасабаса абдан кыйын эле. Мен үчүн сыноо болду, айла жок, макул болдум. Тагыраагы макулдугумду сураган жок, жасайсың деди таштап кетти. Аны кантип жасайм деп бери дегенде бир ай ойлонуп, кыштын күнү эле, түнкү 10до устаканага барып, таңкы 5 жарымга чейин жасап бүттүм. Кийин башкарма аны көрүп, купулуна толтурду. Акысын өзүм баалап берем деди. Айткандай эле, кийин Көпүрө-Базар айылынын Бакай-Таш көчөсүнө жаңы үй салып жатты элем, жыгачынан, шыйпырынан, устасынан жардам берди. Ушинтип, токардык өнөрүмдүн аркасы менен үй-жайлуу болгом. Дегеле ушул өнөрдүн арты менен элдин кадыр-сыйына татып келатам, – деген Станбек байкенин сөзүнө кошулабыз.

Кандай гана кесип болбосун, ага Станбек байкеге окшоп, жүрөгүбүздү бергенде, ал кесип ыйык өнөргө айланат. Өнөр ээсине ошол өнөрдүн ырыскысын төгөт, кутун берет, сыйын арттырат. Андыктан ар бирибиз жана баарыбыз кесибибизди өнөргө айлантып, анын ырыс-кысын татып, баар таап, байманалуу жашасак  деген ой.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, 
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар