whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
31.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом“Герцен манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантын сегиз жыл окуптур”

“Герцен манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантын сегиз жыл окуптур”

Жердешибиз Т.Т.Герцен кыргыз маданиятына өзгөчө из калтырган инсан. Ачыгын айтканда “Манас” эпосун Теодор Теодорович Герцендей сүрөт искусствосунун тилине салып, ачып берген сүрөтчүлөрүбүз өтө сейрек. Бакай-Ата районундагы, Ак-Дөбө айылындагы Т. Г. Герцен атындагы көркөм-сүрөт музейинин директору Ашымбек Сагынбекович Айтышов менен маекти сунуштайбыз.

Ашымбек агай, кеп чынынан бузулбайт, атайын ат арытып Санкт-Петербург шаарынан курбум Анна — Теодор Теодорович Герцендин “Манас” эпосуна тартылган графикасы менен таанышууга келди. Айтыңызчы, мамлекеттик буйрутманы аткарган ошол учурда кыргыз сүрөтчүлөрү болгон эмес бекен?

– Ал кезде таланттуу кыргыздын сүрөтчүлөрү болгон. “Манас” эпосуна кайрылып,  Манас атабызды тарта алышкан эмес. Себеби, алар китеп окуган эмес, тагыраагы, “Манас” эпосун окушкан эмес. Теодор Теодорович манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантын 8 жыл окуптур. Жараткан немец улутунан экенине карабай жүрөгүнө аян берген, түшүндө Манас атабыз Аккуласын алкынта минип, зоот кийимин кийип, (манасчыларыбыздын аянындай) Теодор Теодоровичке өзү келген экен, түшүнөн чочуп ойгонуп, ошондон баштап “Манас” эпосуна байланышкан графикасын эргүү менен жарата баштайт.

– Бул окуяны сиз так билесизби, өзүңүз көргөнсүзбү?  

– (Күлүп) Өзүн эле эмес атасын да көргөм. Атасы мага сызуу жана сүрөт сабагынан берген мугалимим болчу. Теодор Гергардовичтин сөөгү ушул биздин айылга жерленген. Улуу баласы  Теодор (1935-2003), Яков (1948-2015), Гриша деген үч уулу бар болчу. Бир уулу Калининград шаарында дүйнөдөн өттү, узак оорудан кийин Германияга дарыланууга барып Теодор дүйнөдөн өттү. Үчүнчү уулу 1952-жылы жарык дүйнөгө келген Гришаны классташы Меден аке аркылуу Германиядан таап, кабарлашып атам, быйыл жайында келет деп күтүп атабыз.

– Абдан жакшы экен, музейдин абалы, айлык маянаңыз, деги эле өзүңүз жөнүндө таанышсак, анан музейге өтөлү, кандай дейсиз?

– Жакшы болот. Мен буга чейин дагы ушул айылда, айыл өкмөттө эмгектендим, бул музейдин директору болгонума быйыл он жылдын жүзү болот. Айылга караштуу. 3 миң сом айлык менен баштагам, азыр колума алган айлык маянам 15 миң сом. Бир пол жууп тазалаган 6 миң айлык менен иштеген кызматкерим, дагы бир 6 миң сом айлык маяна менен иштеген кароолчум 3 адам иштейбиз. Ачыгын айтсам, Маданият министрлигине өткөрүп берип кутулсамбы деп чуркап чарчадым. Жакында жаңы министр келип көрүп кетти. Бир жаңсыл болоор деп үмүт кылып атам.

Улуттун руханий дүйнөсүнө салым кошкон ата-бала, керек болсо Диль-Фируз келини да кыргыз элине эмгеги сиңген сүрөтчү болсо керек эле. Мына азыр Герцендерди азыркы жаштар эмес, анча-мынча кызматтагы адамдар билбей калышты. “Манас” эпосун окугандар деле аз. Аны шөкөттөгөн адамды сиздин орус улутундагы курбуңуз билип келип атса, бизди караган киши жок. Эң кызыгы, Герцендер биздин айылдын адамдарын тарткан. Диль-Фируз Игнатьева келини (баласынын аялы) баары кыргыз элинин рухий байлыгынын казынасына эмгектенди. Союз учурунда бөлүнүү жок эмес беле.

– Бул немецтер сиз жашаган айылга  кайдан, качан келишкен?

– Бул айыл Орловка деп аталчу, кечээ эле Ак-Дөбө болду. Бул жерге немецтер 1880 – 1890-жылдары Волга боюнан Түркстанга ооп келишкен. Эмне себеп менен келишкен так маалыматын билбейбиз. 70% немецтер жашачу.

– Азыр ошол немецтерден канча калышты?

– 7-8 түтүн жашашат. Эч кандай терс көрүнүштөр жок. Кыпкыргызча сүйлөшөт, түшүңдү жорушат. Салтты сакташат, биз алардын салтын сыйлайбыз дегендей ынтымакта жашайбыз

Музейге кайрылсак, Теодор Герцендин атасы Теодор Гергардович айылдын башкармасына Василий Чемересовго кат менен кайрылуу жасайт. «Эмгегимди сактаганга атайы бир долбоор менен музей салдырып бер, көп жыл иштедим, көп эмгек чачылып калбасын», – деген экен. Ал кездеги колхоздун башкармасы В. Чемересов макул болуп музейди салдырып 1990-жылы бүткөн, ишке берилген, быйыл 35 жыл толду.

Ата-бала Герцендер бизге өз айылыбыздын тарыхын эле эмес тоо-таш, жер-сууларыбызды, жаратылышыбызды, небере-чөбүрөлөрү көргөнгө биздин айылдын адамдарын тарткан. Ошол тилектери ишке ашып, ата-тегин издегендерге сүрөттөр таберик болуп турат.

Мына, Теодор Гергардович Герцендин бюсту. Мына, Мендеш Өмүралиев Кызыл-Сай айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согушта 54 ок тийген биздин айылдашыбыз. Дагы бир биздин айылдын жашоочусу Анна Герман (1936-1982). Бул биздин айылдын башкармасы, ушул үй-музейди салганга уруксат берген Василий Чемересов. Буларды Т.Г. Герцен тарткан. Сизге кызык болот болуш керек, Сүймөнкул Чокморов тарткан “Советбек Жумадыловдун” портрети бар, жүрүңүз, мына, бул улуттук байлык, карасаңыз кандай керемет. Мына, Апрель окуясында биздин Талас областынан каза болгондор. Бул жигит үй-бүлө курууга, артынан тукум калтырууга да жетишпеди, келген элдин көбү ушул жигиттин астына токтолуп калышат. Аттиң, тагдырдын тай күлүк ташы кай жерге кулайт, биз билбейт экенбиз да… 2010-жылы 7-апрелде курман болгон жигиттерибиздин сүрөтүнүн музейге илиниши бир чоң сыр болуп, музейге келген жаштарыбызга патриоттук сезимдерин ойготуп элин, жерин сүйүүгө түрткү болуп таасир тийгизүүдө.

P.S. Музей менен таанышып, жан дүйнөбүздү байытып чыкканыбыз менен айрым максаттарыбыз ишке ашпай калганын кошумчалай кетейин. Лотко коюлуп сатылып кеткен Т.Т.Герцендин графикасынын түп нускасын, болгон сүрөттөрүнүн тизмеси боюнча толук-так маалымат, деги эле бул сүрөтчү үй-бүлөнүн архивин табам, таанышам деп келгем. “Манас” эпосуна тартылган эмгектен 1% коюлуп, ал дагы фото сүрөттөр экени өтө капалантты. Ал эми “Манас” эпосунун сюжети боюнча тартылган Герцендин графикасына жазылган так эмес, божомолдогон, жылдарын билбеген же жөн эле коюп алган сүрөттөрдү башка элдер пайдаланса  далилсиз калабызбы?

Маектешкен Чолпон СУБАКОЖОЕВА

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар