whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
22.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖасалма интеллекттин күңгөй-тескейи

Жасалма интеллекттин күңгөй-тескейи

    Турмушта, “Акылдан азап” деген чыгарма да бар, сөз да бар. Анткени, азыркы адамзат цивилизациясы “акылы ашынып кетип”, эми өзү ойлоп тапкан илими өз башына муш болчудай деңгээлге жетип калды. Айталы дегенибиз, XXI кылымдын эң улуу жетишкендиктеринин бири – жасалма интеллект тууралуу. Бүгүнкү күндө айрым тармактарда адамдын өзүн алмаштырууга жөндөмдүү бул илимий жетишкендикке айрым тармактарда чек коюу, дегеле жасалма интеллекттин иштөө этикасын иштеп чыгуу сыяктуу глобалдык маселелер дүйнө элин ойлонтууда.
     “Кокус жасалма интеллект программалары трансформацияланып, өз алгоритми менен кетип, адамдын колунан жаралган нерсе аны жасаган адамдын өзүн башкарам десе кантебиз” деген суроого жооп издей баштады адамзат.
     Ошону менен 2025-жылдагы Глобалдык санарип форумунда AI Alliance тарабынан иштелип чыккан AI Этика кодексине 22 өлкөдөн 33 уюм расмий түрдө кошулду. Жаңы катышуучулардын географиясы Азия, Африка, Европа жана Латын Америкасындагы өлкөлөрдү камтыйт: Бангладеш, Бурунди, Улуу Британия, Гана, Индия, Индонезия, Ирак, Конго, Кения, Кыргызстан, Куба, Марокко, Мьянма, Нигер, Нигерия, Португалия, Сербия, Сауд Аравия, Танзания, Уганда, Филиппин жана Эфиопия.

AI Этика кодекси эмне үчүн маанилүү?

Жасалма интеллект ар кандай жаңы технология сыяктуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ жана жаратуучунун каалоосуна жараша жашоонун ар кандай чөйрөсүнө терең кире алат. Технология-лык натыйжаларга, коммерциялык пайдаларга же социалдык максаттарга умтулууда адамдын негизги укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо өтө маанилүү. Жеке жашоого кийлигишпөө, теңдик, урматтоо жана ачыктык принциптери ар кандай технологиялык идеянын өзөгүн түзүшү керек.

Кодекс AI этикасын аныктабайт, бирок AI өнүктүрүүгө байланыштуу адамдар менен компаниялардын ортосундагы мамилени уюштурууга жардам берет.

Жасалма интеллект технологияларын иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун этикалык аспектиси заманбап цивилизациянын өнүгүшүн жана андагы адамдын ордун түшүнүү үчүн өтө маанилүү. Буга байланыштуу келип чыккан философиялык суроолордун изилдөө мейкиндиги кеңири: жасалма интеллект деген эмне? ал табигый интеллекттен эмнеси менен айырмаланат? Жасалма интеллект адамдын аң-сезимине кандай таасир эте алат? Машина ойлоно алабы жана ал моралдык агент боло алабы?

Ушу сыяктуу гносеологиялык, антропологиялык, онтологиялык суроолордон тышкары, адеп-ахлактык суроолор да пайда болуп, уруксат берилген нерселердин чегин түшүнүүгө жана туура экенин аныктоого мажбурлайт. Ырас, мыйзамсыз аракеттер үчүн колдонула турган технологиялар мурунтан эле бар. Мисалы, deepfake — бул бир адамдын видеосундагы сүрөттү башка бирөөнүн сүрөтү менен алмаштыруу. Жаңы инструменттер ошондой эле жаңы социалдык тобокелдиктерди, анын ичинде коммуникативдик тобокелдиктерди алып келиши мүмкүн, адамдын инсандыгына, жеке маалыматтардын коопсуздугуна жана башкаларга коркунуч туудурат. Аларды болжолдоо жана алдын алуу технологиялык цивилизациянын прогрессивдүү өнүгүүсүнүн маанилүү элементтери болуп саналат.

Учурдагы абал

Бүгүнкү күндө AI Этика кодексине 900дөн ашык уюмдар, анын ичинде 80ден ашуун чет элдик компаниялар кол коюшкан. Документ ачыктык, коопсуздук жана адам укуктарын коргоо принциптерине басым жасоо менен жасалма интеллект технологияларын жоопкерчиликтүү өнүктүрүүнүн эл аралык стандарттарын белгилейт.

Кодекс AIнын ишенимдүү, коопсуз жана жоопкерчиликтүү өнүгүшү үчүн негиз түзүүгө багытталган. Бул тармактагы бардык кызыкдар тараптар үчүн практикалык колдонмо катары кызмат кылат жана ар бир этапта – AI иштеп чыгуудан баштап жайылтууга чейин этикалык чечимдерди кабыл алууну камсыз кылууга жардам берет.

Жаңы эл аралык катышуучулардын ыктыярдуу кошулуусу AI чөйрөсүндөгү этикалык стандарттарга жана ачык-айкындуулукка болгон кызыгуунун өсүп жатканын көрсөтөт жана AIдагы этикалык стандарттарга дүйнөлүк суроо-талапты тастыктайт.

Баягы эле баарын билген Англияда

Англия менен Уэлстеги 400 миңден ашык мамлекеттик кызматкерлерге жасалма интеллект (ЖИ) технологияларын жумушта колдонуу боюнча окутуу өткөрүлөт. Окутуу күзүндө башталмакчы. Бул иш-чара One Big Thing аттуу долбоордун алкагында өткөрүлүп жатат. Аталган долбоор аркылуу мамлекеттик кызматкерлер жыл сайын заманбап технология-лар боюнча билим алышат.

Белгилей кетсек, бул окутуулар өкмөттүн мамлекеттик кызматкерлердин натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын иш ылдамдыгын арттыруу аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. Муну менен катар өкмөттүк мекемелерде миңдеген жумушчу орундарын кыскартуу процесси да жүрүп жатат. Буга чейин британиялык өкмөт мамлекеттик кызматкерлер ЖИни өз жумушунда активдүү колдонууга тийиш экенин билдирген.

Ошондой эле британ өкмөтү мамлекеттик кызматкерлерди ЖИ менен иштөөгө үйрөтүү үчүн Google, Microsoft жана Amazon сыяктуу ири технологиялык корпорациялар менен кызматташа баштарын билдирген.

Ошол эле учурда британиялык мектеп окуучулары жана орто мектеп окуучулары 187 миллион британ фунтуна (222 миллион евро) «TechFirst» деп аталган программанын алкагында жасалма интеллект тармагында окутуулары айтылат маалыматтарда. Башкача айтканда Англия: «Биз AI колдонгон өлкө эмес, AI жараткан өлкө боло алабыз» деген чакырыктарды таштап жатат.

ЖИ кылмыштуулуктун болушун болжолдойт

Жасалма интеллект (ЖИ) дүйнө жүзүндө эң тез өнүгүп жаткан прогрессивдүү технологиялык тармак. Мисалы, Дубайда ЖИ кылмыштуулуктун болушун болжолдойт, АКШнын айрым штаттарында тергөөдөгү адамдын баш коргоо чарасын аныктоо үчүн соттук системада колдонулат, Францияда ЖИ катталбаган бассейндерди аныктаганга жардам берет (бассейни бар үйлөрдөн көбүрөөк салык
алынат).

Кыргызстан ЖИ өнүктүрүүнү колго ала баштады

2025-жылы Кыргызстанда жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча бир катар чаралар көрүлө баштады. Жакында Кыргызстанда стратегиялык чечимдерди иштеп чыгып, алдыңкы технологияларды киргизе турган жасалма интеллект-ти өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлдү. Ал эми жасалма интеллекттин улуттук стратегиясы жакынкы аралыкта бекитилет.

Ошону менен Кыргызстандын өкмөтү мамлекеттик процесстерге жасалма интеллектти системалуу жана масштабдуу интеграциялоону көздөп жатат. Учурда инновациялык экосистемаларды түзүү жана мамлекеттик башкарууну санариптештирүү боюнча долбоорлорго инвестиция тартылууда.

Маселен, Илимдер академиясы Жогорку технологиялар паркы жана кыргызстандык стартаптардын бири менен биргеликте жасалма интеллекттин жардамы менен суу ресурстарын жана алардын көйгөйлөрүн изилдөөгө киришти.

2030-жылы жумуш орундары 42% га автоматташтырылат

Жасалма интеллекттин өнүгүүсү менен адамдар роботтор алардын жумушун тартып алат деп коркушат. Изилдөөлөр 2030-жылга карата дүйнө жүзү боюнча 800 миллионго чейин жумуш ордун автоматташтыруу коркунучу астында болорун болжолдоодо, жумуш орундарынын 42%га жакыны кандайдыр бир түрдө автоматташтырылат деп күтүлүүдө. Жасалма интеллект менен иштөө дээрлик бардык тармактарда ишке ашырылат: бизнес, медицина, космос-тук өнөр жай, спорт, маданият, билим
берүү ж.б.

Жакынкы келечекте котормочу, корректор, копирайтер, журналист, курьер, айдоочу, диспетчер, турагент, сатуучу, бухгалтер, диктор, терапевт, аналитик, фармацевт, дизайнер жана башка көптөгөн кесиптер жасалма интеллект менен алмаштырылышы мүмкүн деген божомолдор бар.

Бирок, көптөгөн эксперттер эмгек рыногунда кыйроо болбойт, тескерисинче, адам ресурстары тартыш болуп калат деген ишенимде. Жалпысынан алганда, жумушчулардын компетенцияларынын мазмуну өзгөрүп, жасалма интелектти колдонуу ондогон жылдар мурун компьютерди колдонуу жөндөмү сыяктуу эле маанилүү болуп калат дешет.

 Анара АРЗЫБАЙ кызы, 
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар