Кечээ, Чолпон-Атада Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан уюштурулган “Шайлоого катышуунун заманбап ыкмалары: теориядан практикага” – аталышындагы 2 күндүк форум өттү. Иш-чарага БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев, БУУнун Кыргызстандагы система боюнча туруктуу өкүлү Аньте Граве, РФнын Боршайкомунун төрайымы Элла Памфилова, Өзбекстандын БШК төрагасы Зайниддин Низамхожаев, Казакстандын БШК төрагасы Нурлан Абдиров, Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Ахмет Йенер, Беларусиянын БШК төрагасы Игорь Карпенко, Тажикстандын БШК төрагасы Бахтиер Худоёрзода, Эстония БШК төрагасы Куллеркан Ингрид, Монголиянын Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын төрагасы Дэлгэрнаран Пурвээ жана башка эл аралык жана кыргызстандык эксперттер, шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү катышты.
Президент Садыр Жапаров форумга видео кайрылуу жолдоду:
«Бир катар мамлекеттердин шайлоо органдарын жана жарандык коомду, эл аралык уюмдарды бириктирген Ысык-Көл шайлоо форуму диалог аянтчасы катарында өз макамын ырастап, салтка айланып баратканы жакшы жөрөлгө. Мына ушундай маанилүү иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусия, Индия, Монголия, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркия, Эстония жана Өзбекстандын шайлоо комиссияларынын төрагалары менен мүчөлөрүн, ошондой эле Молдова менен Грузиянын өкүлдөрүнүн келишине курсант экенимди билдире кетейин.
КМШнын аткаруу комитетинин, парламенттер аралык Ассамблеясынын кеңешинин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун парламенттик ассамблеясынын, Түрк мамлекеттер уюмунун жана парламенттер ассамблеясынын өкүлдөрүн да көрүп жатканыма кубанычтамын. Быйыл Кыргызстандын ЖККУга жана Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылышы өлкөбүздүн аймактык жана эл аралык аренадагы ордун аныктайт. Шайлоолорго байкоо жүргүзүү миссиялары шайлоо процессин жакшыртууга салым кошот деп ишенем. Жогоруда аты аталган өлкөлөрдүн башын бириктирген бул форумдун негизги максаты жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуунун эң алдыңкы ыкмалары боюнча конструктивдүү жана ачык айрым пикир алышуу алдыңкы тажрыйбалар менен бөлүшүү жана сунуштарды иштеп чыгуу экенин жакшы билесиңер.
Кыргыз Республикасы демократиялык принциптерди кармануу менен эл аралык бийик стандарттарга жооп берген эркин жана инклюзивдүү шайлоолорду өткөрүүгө ар дайым өзгөчө маани берет. Акыркы жылдары Кыргызстанда шайлоо реформасынын алкагында шайлоо мыйзамдары өркүндөтүлүп, санариптик технологиялар активдүү киргизилип, добуштарды сатып алуу жана административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга каршы кескин күрөш жүрдү. Жүргүзүлгөн комплекстүү чаралар шайлоо процессин толук кандуу, так, мыйзам чегинде өткөрүүгө мүмкүндүк берди.
Коомчулук эл аралык өнөктөштөр менен туруктуу, ачык жана ишенимдүү диалог жүргүзмөйүн шайлоо органдарынын иши натыйжалуу болушу мүмкүн эмес. Мына ушундан улам форумдун ишмердигин арттырууга активдүү катышкан өнөктөштөрүбүзгө, КРдагы БУУнун туруктуу координаторуна, БУУнун өнүктүрүү программасына, ЕККУнун Бишкектеги кеңсесине, Бүткүл дүйнөлүк шайлоо органдарынын ассоциациясына ыраазычылык билдирем.
Урматтуу иш-чаранын катышуучулары бүгүнкү форум жаңы идеялардын келечекке багытталган конструктивдүү демилгелеринин булагы болот деп үмүт артам. Касиеттүү Ысык-Көл жээгиндеги биргелешкен ишибиз демократиялык институттарды мындан ары бекемдөөдө жарандардын шайлоо жана шайлануу укуктарын коргоого жана эң башкысы мамлекеттерибиздин өркүндөп өсүшүнө чоң салым кошсун», – деди президент кайрылуусунда.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өз сөзүндө Кыргызстанда демократиялык туруктуу өнүгүү болуп жатканын айтты.
«Кыргызстан демократиялык туруктуу өнүгүү жолуна түштү. Шайлоолор таза өтүп жатканын эл аралык уюмдар да айтып жатышат. Садыр Жапаров да таза атаандаштык менен өткөн шайлоодо жеңип келди. 4 жыл ичинде өлкөнүн кирешеси 3 эсе жогорулады. Экономиканын көлөмү жогорулады. Кыргызстан учурда өнүгүп баратат, жолдор, ооруканалар, ишканалар, ипотекалык үйлөр салынууда.
Шайлоо системасында дагы бир топ өзгөрүүлөр бар. Мына жакында эле партиялык, пропорционалдык шайлоо сис-темасынан баш тартып, көп мандаттуу шайлоо системасына өттүк. Бүгүнкү форумда санариптештирүү, жеке маалыматтарды коргоо, сырткы коркунучтардан коргоо, жаштарды шайлоого активдүү катышууга тартуу өңдүү маселелерди талкуулайбыз», – деди ал.
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров форумдун максаты тууралуу кыскача айтып берди.
«Форумдун максаты жарандардын шайлоого жана шайланууга болгон укуктарын камсыз кылуу. Ошондуктан Ысык-Көл шайлоо форумунда 12 мамлекеттен келген коноктор менен аларда өткөн шайлоолордун тажрыйбасы менен алмашып жатабыз. Негизги максат келечекте шайлоолорду ачык-айкын, инклюзивдүү өткөрүү», – деди Т. Шайназаров.
Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев бул форумдун максаты тажрыйба жана идея алмашуу экенине токтолду .
«Бул форум шайлоо укугу жаатында тажрыйба жана идея алмашуу үчүн маанилүү аянтча гана болбостон, Кыргыз Республикасынын демократиялык принциптерге жана элинин өз эркин билдирүү процесстеринин ачыктыгына болгон бекем багыт алгандыгынын белгиси. Ысык-Көл шайлоо форуму бул демократиялык баалуулуктарга, жарандардын тандоосунун ачык айкындуулугуна берилгендигинин символу болуп, регионалдык деңгээлде шайлоо укугу жана алдыңкы практикаларга болгон тажрыйба жана билим алмашуу үчүн маанилүү аянтчага айланды. Ушул багытта КР шайлоо процесси боюнча ачыктыкты жана натыйжалуулукту камсыз кылуу максатында реформаларды ишке ашырууда өзүн мыкты көрсөтө алды деп айта алабыз. Шайлоочуларды каттоо системасынын уюштурулушу, добуштарды саноо механизмдери элдин шайлоо процессине болгон ишенимин кыйла арттырды. Санариптик шайлоо системасын киргизүүдө дагы алгачкылардан болуп чечкиндүү кадамдарга барды. Биометрикалык идентификация системасынын электрондук добуш берүү жана шайлоону көзөмөлдөө боюнча санариптик платформалардын киргизилиши менен шайлоонун ачыктыгы жана калыстыгы жогорку деңгээлге чыкты», – деди ал.
Россия Федерациясынын БШК төрайымы Элла Памфилова жаштар шайлоого аз келет деген стреотипке кошулбай турганын билдирди.
«Жаштар шайлоого активдүү келбейт дегенге кошулбайм. Мисалы, бизде шайлоого жаштар активдүү катышат. Ошондой эле алардын мындан да көп келиши үчүн ар кандай иштерди жасап жатабыз. Бизде 5 шайлоо тилкесинде 23 жашка чейинки жалаң жаштар иштейт. Алар элге шайлоого келүү иштерин өзгөчө креативдүү уюштурушат. Андыктан алардын шайлоо тилкесинде шайлоого катышуусу жогору болуп жатат», – деди ал.
Шайлоочуларды онлайн идентификациядан өткөрүүчү аппарат тууралуу БШКнын Маалыматтык коммуникациялык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Аскар Акимбаев айтып берди.
“Шайлоочуларды онлайн идентификациядан өткөрүүчү аппаратты БШК 2023-жылы аппробациядан өткөргөн. 2024-жылы өткөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо толугу менен колдондук. Мурдагы 5 компоненттен турган жабдуу 1 аппаратка бириктирилген. Экинчи өзгөчөлүгү жаран идентификациядан өткөндөн кийин ал кайсы шайлоо тилкесинде каттоодо турганын өзү аныктап, ошол шайлоо тилкесине таандык бюллетенди заматта чыгарып берет. Эгерде, шайлоочу бюллетенди булгап ала турган болсо QR-cod аркылуу ошол эле бюллетендин бир көчүрмөсүн алса болот. Ал эми бюллетенди экинчи жолу дагы жараксыз кылып алса, ал адам шайлоо укугунан ажырайт.
Бул механизмди киргизип жатканыбыздын себеби, ички миграцияда жүргөндөр шайлоого катышпай калышат эле. Эми жарандар кайсы жерде болбосун өзүнө жакын шайлоо тилкесине барып добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат“, – деди.
Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”