whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.05.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖурналисттер үчүн мамлекеттик тил боюнча колдонмо даярдалат

Журналисттер үчүн мамлекеттик тил боюнча колдонмо даярдалат

«Медиа мейкиндикте сүйлөө жана жазуу маданиятынын актуалдуу маселелери» аталышындагы кереге кеңештин жыйынтыгында медиа кызматкерлер үчүн туура жазуунун жана туура сүйлөөнүн эрежелери боюнча методикалык колдонмо жана адабий тилдин ченемдерин колдоонунун нускамасы даярдалат. Бул методикалык колдонмо менен нускама онлайн форматта бардык кызыкдар тараптарга жана журналисттерге жеткиликтүү болот жана улам жаңыланып турат. 

Аталган кереге кеңешти жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити менен Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы биргелешип уюштурду.

Ага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери жана журналисттер, ЖОЖдордун журналистика факультетинин декандары катышып, жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик тилдин колдонулушу, учурдагы абал, жетишкендиктер менен көйгөйлөр, сүйлөө жана жазуу маданиятын жогорулатуунун орчундуу маселелери талкууланды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар