Башкы беткеСаясат жана коомКоомБыйыл Кыргызстандын бюджети триллиондон ашат

Быйыл Кыргызстандын бюджети триллиондон ашат

Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 1 триллиондон аша турганын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Президенттик администрациянын аппараттык жыйынында билдирди. Анын айтымында, ИДПнын триллиондон ашкандыгы маалымдалып, консолидацияланган бюджети эки жылдан кийин триллиондон ашыруу планы коюлганы менен бул көрсөткүч быйыл эле ишке ашчудай болуп турат.

«Салык жана Бажы кызматтары жети айдын планын ашыгы менен аткарышты. Мамлекеттик бюджеттин кирешелери 357,8 млрд. сомду түзүп, пландалган көрсөткүчтөн 33,1 млрд. сомго көп болду. План 110,2 пайызга аткарылды. Мамлекеттик салык кызматы тарабынан чогултулган салыктык кирешелер 159,5 млрд. сомду түзүп, пландан 10 млрд. 157,7 млн сом ашыкча чогулду. План 106,8 пайызга аткарылды. Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан топтолгон кирешелер 75,7 млрд. сомду түзүп, пландан 1,5 млрд. сомго жогору болду. План 102 пайызга аткарылды. Биз ушул темп менен барышыбыз керек”, – деди Касымалиев.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков түшүндүрмө бергендей, Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 2025-жылы биринчи жолу 1 триллион 6 миллиард 300 миллион сомго жетери күтүлүүдө.

“Алгач 2025-жыл үчүн консолидацияланган бюджет 708,9 миллиард сом өлчөмүндө бекитилген. Бирок жарым жылдык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгында, бюджеттин пландан ашыкча аткарылары аныкталып, жыл жыйынтыгы боюнча 1 триллион 6 миллиард 300 миллион сомго жетүү реалдуу максат катары коюлду. 2020-жылга салыштырганда, 2025-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджети дээрлик 5 эсеге жакын көбөйдү. Бул 4 жылдык эле натыйжа”, – деди Орунбеков.

Эгер бюджет 1 триллион сомго жетсе, 2025-жыл үчүн маанилүү өсүш, бюджеттеги чоң секирик болмокчу. Негизинен Кыргызстандын консолидацияланган бюджетинин өсүшү бир нече негизги факторлордун эсебинен камсыздалат. Бул факторлор мамлекеттик кирешелердин көбөйүшүнө, чыгашалардын рационалдуу пайдаланылышына жана экономикадагы жалпы өсүшкө байланыштуу.

Экономист адистер Кумтөр кенинин Кыргызстандын консолидацияланган бюджетинин өсүшү үчүн кошкон салымы чоң экенин белгилешет. Айрыкча соңку жылдарда кен толугу менен мамлекеттин карамагына өткөндөн кийин анын бюджетке кошкон салымы кескин өстү. 2025-жылдын I жарымында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн таза кирешеси 13,3 млрд. сомго жеткендигин компаниянын жетекчиси Бузурман Субанов металлургдардын өткөн айда кесиптик майрамын белгилөө учурунда билдирген.

Маалыматта айтылгандай, салыштырмалуу былтыр ушул эле мезгилде бул көрсөткүч 9,6 млрд. сомду, ал эми 2023-жылы 8,9 млрд. сомду түзгөн. Ал өткөн жылы өлкөнүн бюджетине салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 16,1 млрд. сом которулганын кошумчалады. “Кумтөрдүн” бюджетке кошкон негизги салымдарына токтолсок, салык жана жыйым түрүндө түз кирешелер, алтын сатуу, дивиденд жана ишкананын кирешеси ошондой эле жергиликтүү деңгээлдеги кошумча кирешелер эсептелет.

Кыргызстандын 2025-жылдагы консолидацияланган бюджети биринчи жолу 1 триллион сомдон ашары күтүлүп жатканы – өлкөнүн экономикалык саясатынын ийгиликтүү жүрүп жатканын далилдеген маанилүү көрсөткүч. Бул тарыхый ийгилик гана болбостон, келечектеги туруктуу өнүгүү үчүн да бекем пайдубал деп эсептешет адистер.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар