Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыФранциянын жаңы премьер-министри кызматтан кетерин билдирди

Франциянын жаңы премьер-министри кызматтан кетерин билдирди

Францияда жаңы түзүлгөн өкмөт чоң саясий кризиске кабылды. Премьер-министр Себастьен Лекорню кызматка киришкенине аз эле убакыт болгонуна карабай, отставкасын жарыялады.

Күтүлбөгөндөй жагдайга ИИМ башчылыгына кайра дайындалган «Республикачылардын» лидери Брюно Ретайо себеп болду. Ал өкмөт курамын сынга алып, аны «өткөндөн ажыроо боюнча берилген убадага жооп бербейт» деп мүнөздөдү.

Ретайонун билдирүүсү өкмөттүн келечегин суроолуу абалга кептеп, премьердин ишин баштоодон мурда эле токтотууга түрттү.

Ошондой эле мурда Экономика жана финансы министри болуп иштеп, сынга кабылган Брюно Ле Мэрдин Куралдуу күчтөр министри болуп кайтып келиши оппозициянын нааразычылыгын күчөттү. Алар аны «мурунку кызматындагы ийгиликсиз иштери үчүн жоопкерчиликтен качып жатат» деп айыпташты.

Мындай абал Франциянын саясий айдыңында олуттуу туруксуздукту жаратты.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар