Кыргызда кылымдардан “жандооч кийик аттырат” деген накыл кеп бар. Муну эске салганыбыз, “Кыргыз Туусу” гезити өлкөбүздөгү экономикалык өсүп-өнүгүүлөрдү, ар түрдүү тармактардагы жетишкендиктерди кеңири чагылдырып келет. Тилекке каршы, мындай аракетибизге айрым мамлекеттик структуралар, мекемелер, мамлекеттик кызматкерлер жардам берүүнүн ордуна “жардан түрткөндөй” мамиле кылганына таң калабыз. Муну менен алар өлкө бийлигинин маалымат саясатына “бут тосуп” жатышканын өздөрү аңдабай келишет. Анда бир эки мисалды окурмандардын алдына тарталы.
Эки жыл илгери президент Садыр Жапаров облустар аралык авиакаттамдар калыбына келтирилерин айтып, былтыр анын көбү ишке ашканына баарыбыз күбө болдук. Айталы, Бишкек – Каракол авиакаттамы ачылганда, жакшы саамалык катары гезибизге, YouTube жана башка социалдык тармактардагы каналдарыбызга чагылдыруу үчүн “Манас” Эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун (азыр “Кыргызстан аэропорттору” ААКсы) маалымат кызматынын кызматкери Азамат Айтбаевге кайрылып, ошол каттам менен учуп барып, репортаж тартып келүүнү өтүнгөнбүз.
“Жалкоонун эртеңи түгөнбөйт” болуп жатып, улам бирине шылтап отурушуп, акыры биздин изги сунушту колдоого акционердик коомдун пресс-кызматынын чамасы жеткен жок. Муну сыпайы айтканда кайдыгерлик десе да болот. Майда атка минерлердин кайдыгерлиги муну менен чектелбейт.
Аэропортко кайрылган убакта удаа эле редактордун тапшырмасы менен “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Темиржан Мааткеримовго Бишкек – Москва темир жол каттамы ачылганы жакшы иш болду, эми ушул каттам боюнча позитивдүү материал даярдоо тууралуу сунушумду билдиргем. Бул боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматтык саясат секторунун башчысы Кылычбек Досумбетовду да кабардар кылган элем. Тилекке каршы, бул иш дагы акыры (бир айдан кийин) мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башкы адиси Элмира Шерипованын “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын башкы директору А.Сакиевге кат жолдогула” деген жообу менен аяктады.
Андан тышкары “Кыргыз темир жолу” компаниясынын пресс-кызматы ”Бишкек-Москва темир жол каттамындагы жүргүнчү ташуучу вагондор эски экенин, аны менен барып келүү бир топ кыйынчылык жаратарын билдирди. Эгер бул темир жол каттамынын шартын, ал-акыбалын элге ачыктагысы келбесе, аталган мамлекеттик ишкана медиа мейкиндиктен “Бишкек – Москва” темир жол каттамы жүрө баштады” деп эмнеге сүйүнчүлөгөнү түшүнүксүз.
Жогорку аталган мекемелердин басма сөз кызматтары мамлекеттик гезиттин алардын жакшы иштерин чагылдыруу боюнча сунуштарын колдогондун ордуна, козголуп коюшпаганы ошол мекемеге, андан ары бийликке көлөкө түшүрөөрүн аңдабай жатканы өкүнүчтүү. Рынок шартында ишканалар керек болсо акча коротуп, өзүн даңазалайт. А биздикилер ийгилигиңди элге жеткирели десе керсейгени кандай?
Мыйзам бар, көзөмөл жок
Эми маалымат жайылтуунун мыйзамдык жагына келсек, Кыргыз Республикасынын “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамынын 23-беренесинде “Мамлекеттик мекемелер, алардын кызматкерлери өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча суралган маалыматты 3 күндүн ичинде берет” деп, ал эми 25-беренесинде “Мамлекеттик органдар маалымат берүүдөн баш тартуу болгон учурда ал баш тартууну тиешелүү мыйзам нормаларына шилтеме келтирүү менен негиздеп бериши керек” деп жазылып турат.
А бизде ЖМКлар жөнөкөй, 3 күндө алынчу жоопту минтип 30 күндө да жөндүү ала албай, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун саясатынын негизинде болуп жаткан жакшы жетишкендиктерди өз убагында элге жеткиликтүү чагылдыра албай келе жатабыз.
Эми бул маселе коңшуларда кандай чечилип жаткандыгы боюнча бир мисал. 2024-жылдын октябрь айында кабарчыбыз Анара Арзыбай кызы Кыргызстан, Өзбекстан президенттеринин макулдашуусу менен уюшулган пресс-турдун алкагында Өзбекстанга барып келген.
Кабарчыбыз гезитибиздин №80(24852) санына жарыялаган макаласында Өзбекстандын президенттик администрациясына караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин талабы боюнча мамлекеттик органдардын басма сөз катчылары оозеки кайрылууга 1 саатын ичинде кыскача, 3 сааттын ичинде толук маалымат берерин жазган. Ошондой эле макалада эгер суроо оорураак болсо Өзбекстан мамлекеттик мекемелеринин басма сөз катчылары бир сутканын ичинде, кат жүзүндө кайрылууга 3 сутканын ичинде жооп берери айтылат. Мына, өнүгө турган өлкөдөгү жоопкерчилик.
Баса, бир кезде президент Садыр Жапаров “Өзбекстан бизден экономикалык жактан алда канча алдыга кетиптир” деп билдирген. Коңшу мамлекеттин тез өнүгүп жатышынын бирден-бир себеби да мамлекет башчысынын саясатын төмөнкү рангадагы мамлекеттик чиновниктердин кош колдоп колдогондугунда, өлкөдөгү ийгиликтерди элге жайылтууда өзбек мамчиновниктеринин, маалымат катчыларынын жоопкерчиликтүү, дилгир, элпек мамилесинде болуп жатат.
Андыктан, биздин бул сыныбызга жогоруда аталган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чычалабай, туура кабыл алып, иштиктүү кызматташат деген ишеничтемин.
Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”