whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.05.2025
32.5 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомСол чөнтөккө солоп жаман көнгөн экенбиз

Сол чөнтөккө солоп жаман көнгөн экенбиз

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде Бишкек шаарындагы лифт чарбасынын учурдагы абалы жана аны жакшыртуу жолдору тууралуу маалымат угулду.

Бүгүнкү күндө “Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканасынын тейлөөсүндө 974 лифт бар. Эреже боюнча лифттердин жүк көтөрүү, эксплуатациялоо мөөнөтү 25 жыл болсо, 974 лифттин 547си 25 жылдык мөөнөттөн ашыгыраак иштеп койгон.

Демек, 547 лифт токтоосуз алмаштырууну талап кылат. Арийне, анын баары акчага келип такалат эмеспи, 2023-2024-жылдарга чейин жылына 20 лифт гана алмаштырылып келген.

Кыйчалыш кырдаалдан чыгуу үчүн, мындан үч жыл мурда БШКнын турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, байланыш жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмесинде “Бишкекшаарлифттин” бюджети 25 миллионду түзөрү, рынокто бир лифттин баасы 1-1,5 млн. сом экени айтылып, шаардын лифттерин жаңылоо үчүн ЕБРРден кредит алуу маселеси да көтөрүлгөн. Үч компаниядан коммерциялык сунуштар бар экени да белгиленген.

Учурда лифт чарбасындагы кырдаал кыйла жакшы. 2023-жылы 102 лифт алмаштырылса, 2024-жылы 100 лифт алмаштырылган. Жылыштар көз көрүнөө. Ушул темп менен эле жүрүп отурсак, 5-6 жылда эскилиги жеткен лифттерди толугу менен алмаштырып, лифт чарбасын андан ары өнүктүрүү максаттарын алдыга койсок болот.

Быйыл  «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасына эски лифттерди алмаштырууга 165 миллион сом каралган. Бул акчага 100 лифт алмаштырылышы керек.

Минтип, шаардын лифт чарбасындагы жылыштар көзгө көрүнөрлүк деп сүйүнөлү десек, бир аз күн мурда «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасын артка тарткан кокуй иштер ачыкка чыкты. Тагыраагы, УКМК тарабынан «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасындагы бюджеттик каражаттарды чыгарып алуу боюнча коррупциялык схема аныкталып, жолу буулганы белгилүү болду.

Көрсө «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасында борбордун турак жай фондун модернизациялоонун алкагында Бишкек шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнө лифт орноткон уюмдарга төлөп берүүгө арналган бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схема түзүлүп, бул схеманы жеке мыйзамсыз баюу максатында ишкананын мурдагы жетекчиси С.М.А жана азыркы учурда иштеп жаткан башкы бухгалтери уюштурушкан экен.

Эң өкүнүчтүүсү, бул коррупциялык иштер Бишкек шаарынын мэриясы шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу жана комфорттуу шарттарды түзүү максатында, жыл сайын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен 100гө жакын лифтти алмаштырууну максат кылып, “Бишкекшаарлифттин” бюджетин 25 млн. сомдон 165 млн. сомго көтөргөн учурда болуп отурат. Бул бизге белгилүү болгону. А мүмкүн бизге белгисиз тарабы да бар чыгар.

«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасы лифттерди алмаштыруу боюнча иштерди уюштуруу жана ишке ашыруу милдетин алуу менен, лифттерди орнотуу үчүн ар кандай иш аткаруучуларды жумушка тарткан. Тиешелүү тараптар ар бир лифтти алмаштыруу боюнча чыгымдардын сметасын 267 миң сомго баалап эсептеп чыккан. Бирок, иш аткаруучу уюмдарга иш жүзүндө 135 миң сом төлөнүп берилип, калган бөлүгү ар бир лифттен 132 миң сом өлчөмүндө жогоруда белгиленген жооптуу адамдар тарабынан «Бишкекгорлифт» муниципалдык ишканасына ыйгарылган.

Муниципалдык ишкананын кабинеттеринен 150 миң сомдон 2 млн. сомго чейин акча каражатын негизсиз алгандыгын тастыктаган финансылык документтер табылган.

Эмне деп айтаарыңды да билбейсиң. Ушул жерден депутат Жумабек Салымбековдун: “Жакында Аламүдүн кичи районунун 9 үйүнүн жашоочулары менен жолуксам, ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар лифттер иштебегендиктен, айлап-жылдап көчөгө чыга албай, төрт дубалдын ичинде камалып отурууга аргасыз экенин айтып ыйлашты. Алар азык-түлүктү кошуналарынан суранышып алдырышат экен. Тез арада лифттерди алмаштырбасак болбойт” деп коңгуроо какканы эске түшөт. Шаардыктар, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар лифттердин иштебегенинен көчөгө чыга албай, төрт дубалда камалып жатса, шаардын лифт чарбасын оңдойт деген адамдар жыл сайын оңдолууга тийиш болгон 100 лифттин ар биринен 132 миң сомдон алып жатса, бул эмне деген шумдук. Жеке өзүнө алгандын ордуна, 165 миллионду үнөмдөп, 100 лифттин ордуна 120-150 лифтке чейин оңдосо, шаардыктар андай жетекчини төбөсүнө көтөрүп албайт беле.

Бүгүн “Бишкекшаарлифтте” бир гана баш оору бар. Ал мындан ары лифт чарбасындагы коррупциялык схемага жол бербөө. Мэрия “Бишкекшаарлифттин” бюджетин 165 млн. сомго көтөрүү менен, каражат маселесин чечип берген. Лифт чарбасы үч жыл мурда эле 25 миллион сом бюджет менен отурганда, каражат болсо эле, иш болот деген убадалары бар. Бүгүн болсо жылына 100 лифт алмаштыруу мүмкүнчүлүгү пайда болуп жатат. Демек, аталган муниципалдык ишкананын алдында лифттерди абийирдүүлүк менен алмаштыруу милдети турат. Миллиондорду сол чөнтөккө солоп ийбей, ак ниет иштесе, мэриянын шаардыктар алдында жүзү жарык болот да, өздөрү да атайын кызматтар алдында сурак берип, эл караган бети жер карабас эле.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар