Башкы беткеСаясат жана коомКоомБакыт Төрөбаев темир жолдор боюнча дүйнөлүк конгресске катышууда

Бакыт Төрөбаев темир жолдор боюнча дүйнөлүк конгресске катышууда

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев 8-июлда Кытайга болгон жумуш сапарынын алкагында Жогорку ылдамдыктагы темир жолдор боюнча 12-дүйнөлүк конгрессине катышууда. 

Алгач, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Чжан Гоцин, Польшанын инфраструктура министри, доктор Алан Беруд, Лаостун Улуттук кеңешинин вице-президенти Соммад Полсен жана Кытай, Монголия, Өзбекстандын транспорт министрлери сыяктуу бир катар мамлекеттерден конгресске катышуу үчүн келген делегация башчылары менен биргеликте сүрөткө түшүү аземи болду.

Өкмөт башчынын орун басары Бакыт Төрөбаев дүйнөдөгү азыркы шарттарда жаңы транспорттук каттамдарды түзүү өтө маанилүү экенин белгилеп, бул багытта Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун куруу Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин жана Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеевдин саясий эркинин аркасында ишке ашырылып жатканын билдирди.

“Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун куруу үчүн жогорку деңгээлде бирдиктүү иш графиги бекитилип, стандарттар шайкеш келтирилип маселелерди тез арада чечүү механизмдери түзүлдү.

Логистикалык борборлорду, кампаларды, бажы инфраструктурасын, мультимодалдык кызматтарды түзүү пландаштырылууда, бул толук кандуу инфраструктураны түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул темир жол стратегиялык мааниге ээ долбоор экенин, талкуу стадиясынан практикалык ишке ашыруу планына өткөнүн белгилегим келет. Чыгыш менен Батыштын ортосундагы эң кыска темир жол көпүрөсү түзүлүүдө, ал Европа жана Жакынкы Чыгыш базарларына жүк ташып, маанилүү транспорттук артерияны түзөт”, — деди Бакыт Төрабаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагындагы Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун жалпы узундугу 304 чакырымдан ашуун аралыкты камтыйт жана анын бардык аймактарында курулуш иштери башталган, курулуштун жалпы наркы 4 млрд 700 млн долларды түзөт.

Ошондой эле, Бакыт Төрөбаев Кытайга болгон жумуш сапарынын экинчи максаты Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек араларынын ортосундагы Бедел көзөмөл өткөрүү пункту стратегиялык долбоорун алдыга жылдыруу экенин билдирди.

“Өткөн жылы “Бедел” убактылуу өткөрүү пункту ачылып, анын иш жүзүндө ишке ашырууга даярдыгы тастыкталган. Бүгүнкү күндө негизги этап болуп заманбап стандарттарга жана талаптарга жооп берген “Барскоон – Үчтурфан – Аксуу” эл аралык автожолунун курулушу саналат. Келечекте “Аксу-Бедел-Балыкчы” темир жол линиясын куруу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул эл аралык темир жол коридорунун жалпы конфигурациясын бекемдейт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кызыккан өнөктөштөрдү “Бедел” автожолун курууда кызматташууга чакырабыз”, — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасынын жалпы узундугу 1000 чакырымдан ашуун. Ал эми, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмү акыркы бир нече жылда 8 эсеге көбөйүп, өткөн жылы соода жүгүртүүнүн көлөмү 23 млрд долларды түздү.

Кошумчалай кетсек, конгресске катышуу үчүн дүйнөнүн 108ден ашуун мамлекетинен өкүлдөр келген. Жогорку ылдамдыктагы темир жолдорду курууну талкуулаган 12-дүйнөлүк конгресс үч күнгө уланат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар