АКШнын бийлиги менен мамилеси солгундап кеткен Илон Маск “Америка” аттуу партия түптөй турганын билдирди.
Трамп бул идеяны күлкү келерлик деп баалады. «Мен үчүнчү партияны түзүү акылсыздык деп ойлойм. Биздин Республикалык партиябыздын ийгилиги чоң. Демократтар жолдон адашты. Дайыма эки партиялуу система болгон. Менимче, үчүнчү партияны түзүү башаламандыкка гана алып келет. Система эки партия үчүн ойлоп табылган, үчүнчүлөр эч качан эч нерсеге жетишкен эмес. Ал көңүл ачышы мүмкүн, бирок мен муну акылсыздык деп эсептейм», — деп билдирди Трамп.
Ал Масктын жаңы партиясы АКШда саясий башаламандыкты жаратышы мүмкүн деп эсептейт. Ал өзүнүн социалдык тармагында Масктын акыркы 5 жумада «акылдан адашып кеткенин» көрүп, кайгырганын баса белгиледи.
Султанбек Аманбек уулу

