Башкы беткеМаанилүүАдылбек Касымалиев финансист, экономисттерге ата мекендик унааларды тапшырды

Адылбек Касымалиев финансист, экономисттерге ата мекендик унааларды тапшырды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Экономика жана коммерция министрлигине кызматтык автоунааларды өткөрүп берүү аземине катышты.

Адылбек Касымалиев куттуктоосунда азыркы шартта финансист жана экономист кесибинин маанилүүлүгүн белгилеп, акыркы жылдардагы ИДПнын туруктуу өсүү темпи (2022-2024-жылдары 9% жана ушул жылдын 4 айында 11,7%) жүргүзүлүп жатканы экономикалык саясаттын натыйжалуулугун көрсөтүп турарын билдирди.

«Экономисттер менен финансисттер — азыркы замандын негизги кызматкерлери. Сиздер бардык министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарын жана демилгелерин бириктирген, алдыга карай багыттарды көрсөткөн социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгасыздар», — деди өкмөт башчы.

Ал ошондой эле өлкөнүн алдында турган амбициялуу максаттарына токтолуп, алар экономиканын бардык тармактарын, өзгөчө өнөр жай тармагын өнүктүрүү талап кылынарын белгиледи.

Иш-чаранын соңунда Адылбек Касымалиев финансы-экономикалык чөйрөдөгү кызматкерлердин кесипкөйлүүлүгү, билими, жоопкерчилиги жана ишке берилгендиги Кыргызстандын экономикасын андан ары өнүктүрүүнүн ачкычы экенин, ал эми Экономика жана коммерция министрлигинин автопаркынын жаңыланышы иштин натыйжалуугун жогорулатарын билдирди.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар