Башкы беткеРубрикаларАймактарАлайда дарыгерлерге 20 батир пайдаланууга берилди

Алайда дарыгерлерге 20 батир пайдаланууга берилди

Алай райондук Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 20 батирлүү жатаканасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин дарыгерлер үчүн пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага облус башчысы Элчибек Жантаев, район акими Чыңгыз Бапаев жана медицина кызматкерлери катышты.

Облус жетекчиси жатакананын ички шарттары менен таанышып, ак халатчандарды жаңы турак жай менен куттуктады. Ал бул демилге жаш дарыгерлерди аймакка тартууга жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

1977-жылы курулган бул имарат мурда оорукананын балдар жана жугуштуу оорулар бөлүмү катары кызмат кылып келген. 2021-жылдан тарта колдонууга жараксыз болуп калгандыктан, аны заманбап жатаканага айлантуу чечими кабыл алынган. Оңдоп-түзөө иштерине Ош облустук өнүктүрүү фондунан 6 млн 660 миң сом, ал эми Алай ЖДПБнын бюджетинен да кошум каражат бөлүнүп, жалпы 7 млн сомдон ашуун каражат жумшалды.

Жатаканада:

  • 1 бөлмөлүү 12 батир;
  • 2 бөлмөлүү 4 батир;
  • 3 бөлмөлүү 3 батир;
  • 1 балдар ойноочу бөлмө;
  • 4 санитардык бөлмө;
  • 2 тамактануучу бөлмө бар.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар