Башкы беткеРубрикаларАймактарБишкекте «Тынчтык жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө күчөтүлдү

Бишкекте «Тынчтык жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө күчөтүлдү

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынын тынчтыгын камсыз кылуу жана «Тынчтык жөнүндө» мыйзамдын талаптарын аткаруу максатында атайын буйрук чыгарды. Буйрук Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 44 жана 48-беренелерине таянат.

Буйруктун негизинде шаардагы коомдук тамактануу жайлары, маданий жана көңүл ачуу мекемелери — кафе, ресторан, бар, клуб, банкет залдары жана башка объектилер:

  • саат 22:00гө чейин ишин толук аяктоого,

  • бардык салтанаттуу жана көңүл ачуу иш-чараларын токтотууга,

  • саат 22:00дөн кийин электр энергиясын керектеген бардык жабдууларды, өзгөчө көп энергия сарптаган шаймандарды (электр мештери, жылытуучулар, тандырлар ж.б.) толук өчүрүүгө милдеттендирилди.

Ошондой эле 22:00дөн кийин катуу музыка, жарык берүүчү жабдуулар же жарандардын тынчтыгын бузган башка аракеттер менен коштолгон иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.

Турак жайлардан алыс жайгашкан объектилерге мыйзамдын бардык талаптары сакталган шартта электр генераторлорун колдонууга уруксат берилет.

Мэрия райондук администрацияларга жана муниципалдык инспекцияга бул талаптардын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөөнү жана үзгүлтүксүз рейддерди жүргүзүүнү тапшырды.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар