Араван районунда 90 жылдык мааракеге арналган салтанаттуу иш-чаралар өтүп, анда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты.
Өз сөзүндө ал аравандыктардын эмгекчилдигин, ынтымагын жана бай маданий мурасын белгилеп, Президент Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин атынан куттуктоо сөзүн айтты.
«Араван жеринин башкы байлыгы – анын тургундарынын эмгеги жана биримдиги. Бүгүн бул жерде эмгектин, берекенин жана ынтымактын майрамы өтүп жатат», — деди Амангельдиев.
Маараке күнү район үчүн үч маанилүү окуя белгиленди:
Аравандын 90 жылдык мааракеси;
Тогуз социалдык жана инфраструктуралык объектинин ачылышы;
Индустриалдык-өнөр жай зонасынын пайдубалына капсула салуу.
Данияр Амангельдиев белгилегендей, жаңы индустриалдык аймактар инвестиция тартууга, жумуш орундарын түзүүгө жана район экономикасын жандандырууга өбөлгө болот.
«Бул долбоорлор жүздөгөн жумуш орундарын түзүп, калктын жыргалчылыгын жогорулатат. Аймактар өнүкмөйүнчө, өлкө дагы өнүгө албайт», — деп кошумчалады ал.
Өкмөт өкүлүнүн айтымында, мамлекет ар бир аймактын өз потенциалын пайдаланып, өзүн-өзү камсыз кылган жана экспортко багытталган өнөр жай борборуна айланышы үчүн бардык шарттарды түзүүнү улантат.

