Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыИлон Маск “илибой” жакка учурат

Илон Маск “илибой” жакка учурат

“SpaceX” компаниясынын жетекчиси Илон Маск  Starship – Super Heavy ракеталык системасын 2026-жылдын аягында Марска учурарын кабарлады.

Миллиардердин билдиришинче, 2019-жылы адамдар планетага түшүрүлүшү мүмкүн. Буга улай ал Starship ракетасынын бортунда учуу маалында Optimus роботу болорун билдирди. Эске салсак, 170 сантиметр келген ал робот Маскка тиешелүү Tesla компаниясы тарабынан 2021-жылы коомчулуктун назарына коюлган.

“Бул андроид өтө кооптуу, тажатма тапшырмаларды аткаруу үчүн жасалды”, – деп билдирген анда И.Маск. Эгерде Optimus ракетанын жүргүнчүсү болсо анда ал Тесланын космоско учурулган экинчи продукциясы болуп калат. Себеби, 2018-жылы SpaceX орбитага чыккан Falcon Heavy ракетасынын бортунда Tesla Roadster автомобилин кошо учурган.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар