Башкы беткеСаясат жана коомКоомАльпинист Эдуард Кубатов К2 чокусуна чыгууга даярданып жатат

Альпинист Эдуард Кубатов К2 чокусуна чыгууга даярданып жатат

Эверестке чыккан биринчи кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Пакистандын Каракорам тоо кыркасында жайгашкан К2 (8 611 метр) чокусуна чыгуу үчүн даярданып жатат. Бул тууралуу спортчу социалдык тармактардагы баракчасынан маалымдады. 

«Мен базалык лагердемин. Күчтүү жана жапайы К2 чокусу. Баары жакшы болот. Мен ишенем. Бул жакта дээрлик байланыш жок», — деди ал.

Анын айтымында, К2 чокусу 8614 метр бийиктикте жайгашкан.

Интернет булактарындагы маалыматтарга караганда, бул чокуга кеминде 200 адам чыккан. К2 дүйнөдөгү татаал жана кооптуу чокулардын ичинен Аннапурнадан кийин экинчи орунда турат.

 

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар