Министрлер Кабинети чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргызстанда болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жол-жоболорун оптималдаштыруу жөнүндө токтом кабыл алды.
Мындай чечим документтерди тариздөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында кабыл алынды. Бул токтом менен Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобо бекитилди. Убактылуу жобонун колдонуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин.
Тышкы иштер министрлигине, Ички иштер министрлигине, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесине жана Мамлекеттик салык кызматына ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүү тапшырылды.

