whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.01.2026
1.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом“Рух Санат” салттуу маданият жана музыка фестивалы

“Рух Санат” салттуу маданият жана музыка фестивалы

Быйыл 1-2-3-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий-этнографиялык комплексинде Бүткүл дүйнөлүк «Рух Санат» салттуу маданият жана музыка фестивалы өтөт.

Масштабдуу эл аралык иш-чарага 51 өлкөдөн 133 өкүлдүн, анын ичинде музыканттардын, окумуштуулардын жана маданий ишмерлердин катышуусу күтүлүп жаткандыгын фестивалдын уюштуруучулары билдиришти. Катышуучулар Австрия, Улуу Британия, Индия, Түштүк Корея, Египет, Япония, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркия, Франция, АКШ жана башка ондогон өлкөлөрдөн келишет.

Фестивалдын алкагында эл аралык музыкалык сынак, “Салттуу маданият жана искусство: сактоо, өнүгүү маселелери” аттуу илимий конгресс жана салттуу музыкалык искусство иш-чаралары мерчемделген.

Музыкалык сынакка 15 өлкөдөн 60 катышуучу, анын ичинде АКШ, Япония, Венгрия жана Гвинеядан жеке аткаруучулар жана ансамблдер катышмакчы. Катышуучулар улуттук музыкалык мурастарын тартуулашат.

Илимий конгресске 20дан ашуун өлкөдөн этномузыка таануучулар, изилдөөчүлөр катышып, материалдык эмес маданий мурастарды сактоо, санариптештирүү жана өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Гезит

2025-й в цифрах и фактах

Рост ВВП ВВП Кыргызской Республики в январе-ноябре 2025 г. увеличился на 10,2%.  Сильные инвестиционный и потребительский спрос продолжают составлять опору роста экономики. Инвестиции в основной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар