whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
07.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктары"Бул Зеленскийдин, Путиндин жана Байдендин согушу, меники эмес"

«Бул Зеленскийдин, Путиндин жана Байдендин согушу, меники эмес»

Трамп Орусиянын Украинага жасаган соңку ири чабуулун кескин сынга алып, президент Владимир Путинди “акылынан айныган” деп жазды. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.

«Путин менен такай жакшы мамиледе элем, бирок ага бир нерсе болгон окшойт. Ал такыр эле акылынан айнып калды! Ал атайлап көп кишини өлтүрүп жатат, мен жоокерлер тууралуу эле айтып жаткан жокмун», — деп билдирген Трамп.

Ал ошондой эле украин президенти Зеленскийди да сындап, «ал айткан нерселердин баары көйгөй жаратарын» айткан.

«Эгер мен президент болуп турганымда бул согуш башталмак эмес. Бул Зеленскийдин, Путиндин жана Байдендин согушу, меники эмес», — деп белгиледи ал.

Трамп бул билдирүүнү Орусия 25-майга караган түнү Украинага жапырт ракета жана дрон соккуларын жасагандан кийин таратты.

Кремль азырынча Трамптын билдирүүсүнө жооп кайтара элек.

Белгилей кетсек, Трамп соңку аптада Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн, бул сүйлөшүү “өткөөл мааниге” ээ болгонун белгилеген. Өз кезегинде Путин да Украина боюнча тынчтык меморандумун иштеп чыгууга даяр экенин билдирген.

Мындан сырткары, 16-майда Стамбул шаарында согуш башталгандан берки алгачкы бетме-бет сүйлөшүү өткөн. Бирок тараптар ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетише алган эмес.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар