Түркиянын депутаттары жыйында жаңжалдашып кетишти

0
2992

Түркияда Жогорку улуттук ассамблеяда (парламентте) юстиция жана ички иштер министрлеринин ант берүү аземинде депутаттардын ортосунда пикир келишпестиктер чыккан.

Негизги оппозициялык Республикачыл Халык партиясынын мүчөлөрү аземди токтотууга аракет кылып, бийликтеги Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын депутаттары менен кагылышкан. Депутаттар бир-бирин түртүп, кыйкырып, кармашып, бирөөнүн мурду сынган.

Буга карабай, министрлер ант берип, кызматка киришкен. Ички иштер министри болуп мурдагы Эрзурум губернатору Мустафа Чифтичи, ал эми юстиция министри болуп Стамбулдун мурдагы прокурору Акин Гюрлек дайындалган. Гюрлек мурун Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглуга камоо ордерин чыгарганы үчүн өлкөдө массалык нааразылыктар болгон.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз