Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

0
20194

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Адилет Орозбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Тийиштүү чечим Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 71-беренесине ылайык кабыл алынды.

Адилет Орозбеков 1978-жылы туулган. Кыргызстан эл аралык университетин «Дипломатия жана эл аралык укук» адистиги боюнча аяктаган. Ошондой эле Россия Федерациясынын ФКК Академиясында билим алган. Кыргыз, орус жана англис тилдерин билет. Полковник аскердик наамына жана мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси чинине ээ.

Эмгек жолун 2001-жылы улуттук коопсуздук органдарында баштап, 2017-жылга чейин ар кандай жетекчилик кызматтарда иштеген. Ар кайсы жылдары УКМКнын конституциялык түзүлүштү коргоо башкармалыгында, эл аралык кызматташтык бөлүмүндө жана Антитеррордук борбордо кызмат өтөгөн.

2017-жылдан тартып Тышкы иштер министрлигинде жана Шанхай кызматташтык уюму багытында иш алып барган. 2023–2024-жылдары Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борборунда эксперт болгон. 2025-жылдын декабрынан бери Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгында мамлекеттик инспектор болуп иштеп келген.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз