Бишкек мэриясына жаңы автобустар менен атайын техникалар тапшырылды

0
18337

12-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын мэриясына 95 даана жаңы Yutong үлгүсүндөгү автобус жана 42 бирдик атайын техниканын ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Салтанаттуу иш-чара №1 автопарктын аймагында өттү. Узундугу 12 метр болгон заманбап автобустар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) программасынын алкагында борбор калаанын коомдук транспорт системасын жаңылоо үчүн сатып алынган.

Ал эми атайын техникалар мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынган. Муниципалдык кызматтарга авариялык бригадалык унаалар, самосвалдар, гидрокрандар, JAC T-6 үлгүсүндөгү автоунаалар жана траншеялык виброкатоктор берилди. Өкмөт башчысынын айтымында, бул техникалык жаңылануу шаардык кызматтардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, ишин жеңилдетет.

Кабминден белгилешкендей, Бишкекте экологияны жакшыртуу жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында системалуу иштер жүрүп жатат. Анын алкагында шаарга 17 миңден ашык көчөт отургузулуп, таштандыларды кайра иштетүүчү экотехнологиялык завод ишке киргизилген. Транспорттук инфраструктураны модернизациялоо өкмөттүн негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз