Эдил Байсалов: Жогорку билим берүү системасы ыкчам модернизацияланат

0
21117

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин коллегия жыйынына катышты.

Ал өз сөзүндө жаңы министрликтин түзүлүшү жогорку билим берүү менен илимди терең модернизациялоого багытталган маанилүү кадам экенин белгиледи. Анын айтымында, университеттер таланттарды тарткан борборго, заманбап билимдин булагына жана өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн локомотивине айланышы керек.

Байсалов президенттин айрым жогорку окуу жайларына өзгөчө макам берүү тууралуу жарлыгын ишке ашырууда айрым окуу жайлар олуттуу жыйынтык көрсөткөнүн, ал эми айрымдары чечим күтүп жатканын айтты. «Күтүү убактысы бүттү», – деди ал.

Ошондой эле жакынкы жумаларда министрлик менен биргеликте модернизация процессин ыкчамдатуу боюнча координация күчөтүлөрүн белгиледи. Анын алкагында билим берүү программалары кайра каралып, эскирген дисциплиналар кыскартылып, заманбап экономиканын талаптарына жооп берген жаңы курстар киргизилет.

Коллегиянын жыйынтыгында жогорку билим берүү жана илим тармагын реформалоонун артыкчылыктуу багыттары аныкталып, конкреттүү тапшырмалар берилди. Алардын аткарылышы өзгөчө көзөмөлдө болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз