Берлинде Борбор Азия менен экономикалык кызматташтык талкууланды

0
6253

Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль (ХДС) Берлинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн негизги багыты экономикалык кызматташтык болду.

Вадефуль Европа учурда жеткирүү булактарын диверсификациялоого жана Кытайга болгон көз карандылыкты азайтууга умтулуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Борбор Азия сейрек кездешүүчү жана стратегиялык маанилүү чийки заттар боюнча альтернатива боло алат. «Эл аралык тартип солгундап турган учурда биз сунуш кыла ала турган нерсе – бул ишенимдүүлүк, туруктуулук жана ачыктык», – деди ал.

Министр Борбор Азия геосаясий кесилиште жайгашканын, аймак Кытайдын өсүп жаткан кызыкчылыктары жана Россия тараптан болгон коркунуч шартында өз ордун аныкташы керектигин кошумчалады.

Санкциялар жана Кыргызстан маселеси

Жолугушууда Россияга каршы ЕБ санкцияларын айланып өтүү маселеси да көтөрүлдү. Кыргызстан Россияга Евробиримдиктен товарларды, анын ичинде унааларды кайра экспорттоо боюнча сынга кабылып келет.

Вадефуль Германиянын жана ЕБнин позициясы өзгөрбөсүн белгилеп, өнөктөш өлкөлөрдү Россияга каршы санкциялык режимди колдоого чакырды. Анын айтымында, санкцияларды айланып өтүүгө жол бербөө маанилүү.

ММКлардын маалыматына караганда, Брюссель Кыргызстанга айрым кош багыттуу товарлардын – байланыш жабдууларынын жана компьютерлештирилген металл иштетүү станокторунун – экспортун чектөөнү карап жатат. Мындай чаралар ЕБнин Россияга каршы 20-санкциялык пакетинин алкагында колдонулушу мүмкүн. Ошондой эле кыргыз жана тажик банктарына карата да чаралар талкууланууда.

Экономикалык потенциал

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Борбор Азия министрлери Германиянын бизнес өкүлдөрү менен жолукту. Германия тарап аймакты жогорку өсүү темпине ээ динамикалуу рынок катары баалады.

Акыркы жылдары Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы туруктуу өсүш көрсөтүүдө. 2025-жылы аймактын жалпы өсүшү 6 пайыздан ашкан.

Берлин Борбор Азия аймагы менен энергетика, чийки зат, логистика жана инфраструктура тармагында кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз