Башкы беткеЖогорку КеңешЖогорку Кеңешке жаңы Төрага шайланды

Жогорку Кеңешке жаңы Төрага шайланды

Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасынын кызмат ордуна Марлен Маматалиевдин талапкерлиги каралып, депутаттар жашыруун добуш беришти. Түзүлгөн эсептөө комиссиясы добуштарды санап чыгып, жыйынтыгын жарыялады.

Ага ылайык, 77 депутат “макул”, 5 эл өкүлү “каршы” деп добуш берип, Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.

Марлен Маматалиев 1981-жылы 24-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган. Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин уулу.

Эмгек жолун Социалдык фонддон баштап, кийин Экономика жана Финансы министрликтеринде иштеген. 2009–2010-жылдары ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болгон. Андан соң өкмөттө иштеп, жеке ишкерлик менен алектенген.

2018-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Республика – Ата Журт” партиясынан депутат болуп шайланган. 2020-жылкы парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясынан катышкан. 2021-жылы “Ынтымак” партиясын Жогорку Кеңешке баштап келип, депутаттык мандатка ээ болгон.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар