whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
22.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомФотограф Ташболот Досалиев

Фотограф Ташболот Досалиев

сүрөттө: «Кыргыз Туусунун» фото кабарчылары Шекербек Сартов жана Ташболот Досалиев

Эң алгачкы фото «Вид из окна в Ле Гра» сүрөтү 1826-жылы (айрым маалыматтар боюнча 1827-жылы) француз ойлоп табуучусу Жозеф Ньепс тарабынан тартылган. 200 жылдык тарыхында фото сүрөт адам баласынын турмушунун ажырагыс бөлүгүнө айланып, фото сүрөтчүлүк чоң өнөргө айланды.

Фотодогу эң башкы нерсе – ошол көз ирмемди тартып калуу болгону менен, бүгүн ал искусствонун кайталангыс бөлүгүнө айланып, портреттик фото, пейзаждык фото, натюрморт, репортаждык фото, жанрдык фото, модалык фото, көчө фотосу, даректүү фото, предметтик фото, фотожурналистика, архитектуралык фото, репродукциялык фото болуп ондогон жанрларга бөлүнөт.

“Кыргыз маданияты” гезитинде иштеген коллегаларыбыз “Кыргызстанда биздин Турат Кашымовдон башкасы фотосүрөтчүлүк окуу жайдан окуган эмес” деп калышчу. Көрсө, чынында эле ошондой экен. Бизде фотосүрөтчүлүккө үйрөткөн ийримдер, кружоктор гана болуп, ал эми кесипкөй фотографтарды окуткан кесипчилик окуу жай болбоптур. Балким, орус фотографтар арасында бирин-эки кесипкөй, атайын фото сүрөтчүлүккө окугандар болсо болгондур, кыргыз фотографтарынын дээрлик бардыгы эле өз алдынча үйрөнүшүптүр болчу.

Эски сүрөтчүлөрдөн болушкан Эркинбек Мамадалиев, Аскар Абдыгулов, Эрнис Мусаев, Шекербек Сартов, Шайпидин байке, Жаныбек Казыболотов баары эле өздөрү үйрөнүп, өздөрү өркүндөтүп, узун элдин учуна таанылып калышкан фотографтар эле.

Гезитти фото сүрөтсүз элестетүүгө эч мүмкүн эмес. Жарык көрүп жаткан ар бир макалага сүрөт коштомоюн, ал ажарына чыкпайт. Гезиттин табияты ошол. Сулп-сулп материалдарды жыш жайгаштырдың дегиче, ал макала окулбайт. Аны турмуштук практикадан далай көрдүк. Тексттин күчү жетпеген жерде фото сүйлөйт, кадимкидей төгөт, обон созот.

Кийинки жылдары эле гезиттин финансы абалына байланыштуу штатта фото сүрөтчүбүз жок. Сүрөттөрдү интернеттен алабыз: башка басылмалардын же сайттардын сүрөттөрүн пайдаланабыз, болбосо өзүбүз уюлдук телефонго сүрөт тарткан болуп, эптеп абалдан чыгабыз.

2000-жылдардын башында эле “Кыргыз Туусу” гезитинин эки фото сүрөтчүсү бар болчу. Бири – узун бойлуу Шекербек Сартов, экинчиси – жапалдаш бойлуу Ташболот Досалиев. А эсил кайран СССР мезгилинде “Советтик Кыргызстан” гезитинин штатында төрт фото сүрөтчү болор эле деп айтышат. Азыр гезитте болгону төрт жазарман барбыз. Минтип бир гезитте төрт фото кабарчы кармаганына караганда, кайран советтик доордо гезитке өзгөчө көңүл бурулчу окшойт.

Редакцияда экөөнүн да фотолабораториялары бар эле. Түссүз сүрөттөрдү эски пленкалардан лабораториядан чыгарса, түстүү сүрөттөрдү көчөдөгү сүрөт лабораторияларынан чыгарышчу. Ташболот байкенин лабораториясынан химиялык дарылар жыттанса, Шекербек байкенин лабораториясынан башка “дарылардын” да жыты жыттанып турчу.

Калп айтпасам, Шекербек Сартов байке “Кыргыз Туусунда” жер каймактагандан бери иштечү. Бирок ал алгач медициналык орто окуу жайын бүтүп, акушер-гинеколог болуп иштегенин айтып, тамашалап калчу. СССРден калган эскерткичтей болуп, командировкаларга, расмий иш-чараларга чогуу чыгып калганда, Гагарин, Чазов, Косыгинди тартып калганын, Кыргызстандан кыдырбаган жери калбаганын айтып калчу. 35-40 жылдык архивинде эмне деген гана кишилердин сүрөттөрү жок эле. “Эгер мен тарткан фото пленкаларды бири-бирине улаштырса жер шарын беш айлантканга жетпей эле калбаса, кеминде эки айлатканга жетсе керек”, – деп тамашалайт эле жарыктык киши.

Ташболот Досалиев байке “Кыргыз Туусуна” менден бир жыл кийин келди. Көзгө урунганы – шашкалактыгы, чапчаңдыгы, анан капкара чачтары болду. Менден он жашка улуу болсо, чачтары капкара эле ошондо, биздикин ак аралай баштаган, азыр да кара эле бойдон экен. Ташболот байке экөөбүз да командировкага көп чыгып калдык. Ал убакта президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчысы катышкан бардык иш чараларга КТРдин, “Кыргыз Туусунун”, “Слово Кыргызстананын”, “Эркин Тоонун” кабарчыларын сөзсүз ала барчу. Сөзсүз түрдө ар бир гезиттен фотосүрөтчү менен кабарчысын алып, “эмне көрсөңөр, эмне уксаңар ошону болгонун болгондой жазгыла. Эл менен сүйлөшүп, элдин пикирин, элдин бийликке карата мамилесин жазгыла” деген тапшырма берилчү.

“Кыргыз Туусуна” келип иштеп калганы Ташболот байкенин тагдырында  чоң бурулуш болот. Бала чагынан эңсеген фото сүрөтчү болуу максаты ишке ашат. Ыраматылык Шекербек Сартов менен ийиндеш чогуу иштегенинин пайдасы тиет. Анын иш тажрыйбасы менен таанышып, фоторепортаж тартуунун ыкмаларын үйрөнүп, кеңешин алат.

Көрсө, Таластын Жоон-Дөбө айылындагы мектептин музыка мугалими Өзүбек Алымкулов  фотокружок өткөрүп, ушул ийримге  катышып, алгачкы теориялык билимди алган экен. Кийин студент кезинде өзү менен чогуу жашаган студент 2-курстан сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, ага фотоаппаратын калтырып кетет. Баягы бала кезден үйрөнгөн шыгы кайрадан ойгонуп, факультетке керектүү сүрөттөрдү тарта баштайт. Университетте да кинофотосүйүүчүлөрдүн факультетинде (ФОП) окуп, кошумча  билим алат. Университетти бүтүп, айылына келип, №13 кесипчилик техникалык окуу жайында математика мугалими, кийин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жүргөндө, фотокружок өтүп, окуучуларды студенттик, комсомолдук билеттерине сүрөткө тартып берчү болот.

Анан бат эле кымгуут жылдар башталат. 1991-жылы отпускадан келсе эле, директор чакырып «Талас районунда  № 6 КТОЖдо фотокружок өткөн мугалим айына акча төгөт экен, а биз сага 35 рубль төлөп жатабыз» дейт. Ташболот байке директор эмнени кыйытканын, сөздүн төркүнүн дароо түшүнөт да арызын жазып, 31-августта окуу бөлүм башчылык кызматын тапшырып берет. Бир кабинетти ижарага алып, фотограф болуп иштей баштайт.

Айылдаштары: “Беш жыл бекер оку—дуңбу? Педстажың эмне болот? Директорго бир кой берсең иш бүтпөйт беле” –  дешип чыйпылыкташат. Ал унчукпай кутулат. Арадан 4-5 жыл өтүп, ошол айылдаштары «Ташболот сен ушундай заман болорун мурда билген экенсиң, бизге деле ошондо жашырбай айтып койбойт белең” деп тамаша-чындан айтышкандары эсинде.

Өз карандай мээнетиң менен, башың менен жер казып болсо да, тирилик кылгандын уяты жок. Ташболот байке тирилик кылганды намыс көрбөдү. Ал убакта СССР тарап, тиричилик комбинаттары жабылган убак. Ал фотоаппараттарын көтөрүп алып, 3-4 коңшу айылдарды кыдырып, жөө-жалаңдап сүрөт тартып жүрдү. Ошентип, иши илгерилеп, акыры Бишкек шаарынан үй сатып алды да, шаарга баса берди.

… Азыр ар бирибиздин колубузда заманбап уюлдук телефон бар, баарыбыз эле сүрөт тартканды билгендейбиз. Арийне, фото сүрөтчүлүк менен жөн эле фото сүрөт тартуунун асман менен жердей айырмасы бар. Сүрөт тартуунун өз жол-жобосу, сырлары, түйшүгү бар. Адамдын образын ачып сүрөт тартуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Айрыкча “фотогеничный” эместерди сүрөткө ойдогудай кылып тартуу кыйын. Мен өзүм деле далай даңазалуу сүрөтчүлөр менен чогуу жүрүп, сүрөткө түшүп калдым. Ошолордун арасынан Турат Кашымов менен Ташболот Досалиев байкелердин тарткандары аябай образдуу чыккан. Шекербек байке “пленкага жукпай калыпсыңар» деп койчу.

“Фото сүрөтчүлүктүн  түйшүгү толтура. Сүрөтчүлөр бара калып, ары-бери жагына чыга калып, чыкылдата бергендей, анан эле бажырайган сүрөт пайда боло калгандай туюлат. Кээде бир эле жакшы кадр үчүн кеминде 20-30 жолу тартасың. Асыресе, журналистиканын стандарттарына төп келген жогорку сапаттагы сүрөттөрдү тартуу оңой эмес. Чоң чыгармачылык менен иштөө абзел. Фотосүрөт деген текст эмес да жаза салгандай. Текстти отура калып, ийине жетпесе, миң кайталап жаза берип, көңүлгө жаккыдай текст жазса болот, а бир расмий иш-чараны же жолугушууну тарттың дейли, эгер жакшы кадр чыкпай калса, расмий иш чараны кайра өткөрөсүңбү, же жакшы кадр тартпай калыптыр деп кайра жолугушабы? Ар бир кесиптин оорчулугу жана түйшүгү мына! Бирок мен үчүн фотосүрөтчүлүк кесиптин түйшүгүнө караганда ырыскысы көп болду го деп эсептейм”, – дейт Ташболот Досалиев.

Досалиевдердин үй-бүлөсүн фото-сүрөтчүлөрдүн династиясы деп айтса болот. Ташболот байкенин эки баласы жана келини фотосүрөтчүлүк кесипти аркалап келишет. Улуусу Бакыт балам фото менен ишкерлик кылып эмгектенет. Султаны болсо президент катышкан расмий иш-чараларды тарткан чоң фото сүрөтчү. КТУну бүткөн жылдары “Эркин Тоо” гезитинде, “Кабар” улуттук агенттигинде иштеген. Кесипке байланыштуу бир кезде атасы менен иш-чараларда чогуу катышкан учурлар болду. Ташболот байке Шекербек байкеден үйрөнгөндөй, Султан фоторепортаж тартуу ыкмаларын Жаныбек Казыболотовдон үйрөнүптүр.

“Азыркы күндө көпчүлүк редакциялардын фотокабарчылары жок. Гезиттер көп учурда министрлердин, депутаттардын, саясатчылардын Интернетке жарыяланган эски сүрөтүн басып чыгара беришет. Өздөрүндө фотоархив жок. Бири-биринен уурдап кайталай чыгара берет.  Фотосүрөттүн алдына автору ким экендигин жазышпайт. Өзүн сыйлаган басылмаларда гана эки-үчтөн фотокабарчылары бар. Фотосүрөттөрүн караганда тексттеги материалдын эмне жөнүндө экендигин жарым жартылай түшүнүп каласың. Фотосүрөттүн алдына автору ким экендигин жазышат. СССР убагында чыккан “Советтик Кыргызстан”, “Ленинчил жаш”, “Кыргызстан маданияты” ж.б.  гезиттеринде, “Ден соолук”, “Кыргызстан аялдары” ж.б. журналдагы фотосүрөттөр өзгөчөлөнүп образдуу болуп турчу. Анда ошол кездеги техника менен жакшы сүрөттөр чыккан. Азыр санариптик фотоаппарат менен компьютердин заманында сүрөттөрдүн жетиштүү деңгээлде чыкпай жатышы өкүндүрөт. Биздики баягы эле өзүбүз айткандай кыргызча болуп жатат”, – дейт Ташболот байке.

Бир жылы Көлгө барып калдык. Ташболот байке көлгө күн чыгып келатканы менен күн батып баратканын тартчумун деп калды. Ээрчишип алып көлдүн жээгин кыдырып жүрөбүз. Каерден, кантип тартканда кооз, баштаганда аябай жакшы чыгат деп. Ошого эле 5-6 саат кетти. Таңдын атып келатканын тартуу үчүн үрөң-бараңда туруп, тоо баштарынан күн чачырай баштаган учурларды күтүшүң зарыл экен. Үрөң-бараңда туруп алып, көлдүн жээгинде отурганыбыз эсимде. Көрсө, ар бир кесиптин өзүнүн сыры, өзгөчөлүктөрү бар. Фото сүрөтчү болуу үчүн токтоолук, чыдамкайлык өтө маанилүү тура. Жакшы кадрлар өзүнөн өзү эле жаралып калбайт экен.

Дагы бир окуя эсимде. Б.Ельцин экс-президент кезинде Ысык-Көлгө келип калды. Президенттик администрациянын тапшырмасы менен Т.Досалиев байке Борис Ельцинди эки-үч күн жүрүп тартып, фотоальбом жасап берген. Ал эмгеги үчүн жарыбаган эле бир нерсе алса керек эле. Тапшырып келгендердин ай-туусу боюнча менин сүрөттөрүм Борис Ельцинге аябай жагыптыр” деп ошого эле жаш баладай мулуңдап кубанып жүргөн.

Фото сүрөтчүлүк бул эң сонун өнөр. Сүрөттү да тарткан адам тартат. Анын түйшүгүнө чыдаган адам чыдайт. Баа берип коюш керек, Ташболот байке фото сүрөтчүлүктүн бардык кыйынчылыктарына чыдады. Чыдаганда да кандай, фото сүрөтчүлүк өнөрүнөн баар таап, үй-жайлуу болуп, балдарын бутуна тургузду. Үй-бүлөлүк жашоосу да ойдогудай болуп, өмүрлүк жубайы ага бекем тыл болуп берди. Быйыл жубайы экөө баш кошконунун алтын тоюн белгилешти.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар