Эске салсак, 1-июлдан тарта автоунааны камсыздандыруу милдеттүү болуп саналат. Эгерде, айдоочу унаасын камсыздандырбаган болсо, айып пул салынат.
Камсыздандыруунун артыкчылыгы эмнеде?
Автоунааны милдеттүү камсыздандыруу тууралуу мыйзам 2015-жылы эле кабыл алынган. Бирок, ар кандай себептерден улам артка жылдырылып келаткан болчу.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлү Азатбек Осмонов маалымат каражаттарына берген маегинде камсыздандыруунун артыкчылыктарын айтып берген. Мыйзамга ылайык, жабыр тарткан үчүнчү тарапка компенсация төлөп берилет. Жол кырсыгы болгон жерге Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун атайын өкүлдөрү барып, келтирилген чыгымды аныкташат.
ОСАГО канча сом төлөп берет?
Унааны камсыздандыруунун баасы 1680 сомдон жогору башталат. Андан сырткары унаанын көлөмү дагы эске алынат. Орточо эсеп менен 3000 сомду түзөт. Ал эми кырсык болгон учурда 150 000 сомго чейин төлөп берилет. Андан сырткары кырсыктан айдоочу майып болуп калса, 1-топтогу майыптык үчүн 200 миң, 2-топтогу майыптык үчүн 150 миң сом, 3-топтогу майыптык үчүн 100 миң сом акчалай жардам берилет.
Бир унааны үй-бүлөдө бир нече айдоочу айдай турган болсо, анын ар бирин полиске жаздыруу керек. Бир кишиде бир нече унаа болсо, анын ар бирине камсыздандыруу полисин алуу зарыл.
2025-жылдын башынан бери камсыздандыруу уюму 60,3 миллион сом жарандарга төлөп берди. Бул өткөн 2024-жылдын бир жылына караганда дээрлик 2 эсе көп. 2024-жылы 32,3 миллион сом төлөнгөн.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун ар бир облуста филиалы бар
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ар бир облуста өзүнүн филиалын ачкан. Учурда айдоочулар ошол жерлерден унаасын камсыздандыруудан өткөрүшсө болот. Учурда камсыздандыруу уюму аймактардагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте камсыздандыруунун артыкчылыктары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан сырткары 15 жеке менчик камсыздандыруу уюму бар. Жарандар кааласа жеке менчик компанияларды тандаса дагы болот.
Унааны сатканда полисти кошо берсе болобу?
Мыйзамга ылайык, камсыздандыруу полиси ар бир айдоочуга жазылат. Андыктан унааны сатып алганыңыздагы камсыздандыруу полиси сиз унааны өзүңүзгө өткөрүп алган күндөн тарта автоматтык түрдө токтойт. Андыктан сиз өзүңүзгө полис сатып алууга тийишсиз. Камсыздандыруу полиси 12 айга жарактуу болот. Башкача айтканда, сиз полис алган айдан тарта кайра ошол айга чейин жарактуу.
Кандай документтер керек?
Автоунааны камсыздандырууга төмөнкү документтер керектелет:
- Келишим түзүүгө арыз
- Паспорт, аскер билети же айдоочулук күбөлүк (Жеке жактар үчүн)
- Юридикалык жактын каттоодон өткөн же кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы (юридикалык жактар үчүн)
- Транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк (техпаспорт)
- Диагностикалык карта (бар болсо)
- Унаа башка адамга жазылган болсо, ээсинин ишеним каты.
Айдоочунун жаш курагы жана тажрыйбасы камсыздандыруу полисинин баасына таасир этеби?
Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, жаш айдоочулар көбүрөөк жол кырсыгына кабылышат. Андыктан 25 жашка чейинки айдоочулар үчүн ОСАГОнун баасы кымбатыраак болот. Жаш курагына карабастан, 3 жылга чейинки тажрыйбасы бар айдоочулар үчүн дагы камсыздандыруунун баасы жогору болот. Башкача айтканда, айдоочунун жаш курагы жана тажрыйбасы канчалык көп болгон сайын полистин баасы арзандашы ыктымал.
Бузук унаага полис албай койсо болобу?
«Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдын биринчи пунктунун бешинчи беренесинде өлкө ичинде каттоодон өткөн бардык унаалар камсыздандырууга тийиш деп жазылган.
Кошуналарда абал кандай?
Кошуна Казакстанда камсыздандыруу полисинин базалык баасы 7470 теңгени түзөт. Бирок, башка коэффициенттерди кошкондо баалар кескин өзгөрөт. Кошуналарда ар бир облуста өзүнчө баа коюлган, мисалы, Алматы шаарында баа төмөн болсо, башка облустарда тескерисинче жогору болот. Орточо эсеп менен алганда 18 миңден 50 миң теңгеге чейин жетет. Ал эми камсыздандыруу полисин албагандар үчүн айып пул 39 320 теңге болот.
Ал эми Өзбекстанда дагы ар кайсы облуста баалар ар түрдүү болот. Мисалы, Ташкент облусунда полис 1 кишиге 56 000 сум, ал эми полиске чексиз айдоочуларды киргизүүнүн баасы 168 000 сум. Облустарда болсо, 1 адамга 40 000 сум, чексиз айдоочуну полиске киргизүү 120 000 сум деп белгиленген.
Москва шаарында болсо, полистин базалык баасы 4500 рубль, бирок, башка эсептик көрсөткүчтөрдү кошуу менен жаңы айдоочу полис үчүн жалпы жонунан бир жылга 16038 рубль төлөйт. Биз жогоруда сөз кылган кошуна өлкөлөрдөгү полистин баасы ачык булактардан алынды. Ал эми ар бир камсыздандыруучу уюмда баалар мындан да жогору болушу мүмкүн.
ОСАГО менен КАСКОну алмаштырбаңыз
ОСАГО менен КАСКО бир караган кишиге экөө тең камсыздандыруу уюмундай көрүнөт. Туура, экөө тең камсыздандыруу болгону менен экөөнүн милдети эки башка. Сиздин күнөөңүз менен жол кырсыгы каттала турган болсо, ОСАГО ошол жабыркаган тараптын чыгымын төлөп берет. КАСКО болсо сиздин унааңызга келтирилген чыгымдарды төлөп берүүчү уюм. Айталы сиздин унааңыздын терезесин түн ортосунда белгисиз адамдар сындырып кетишти, сиз дароо КАСКОго билдиресиз, алар келип, чыгымды эсептеп төлөп беришет.
Жоопкерчиликтүү бололу
Кыргызда “кырсык каш-кабактын ортосунда” деген сөз бар. Андыктан мыйзамга баш ийип бардык айдоочулар ОСАГО полисин алууга тийиш. Кудай сактасын, бирок, кандайдыр бир кырсык боло турган болсо, сиз төлөгөн арзыбаган акча ошол учурда чоң сумма болуп кайтып келишин унутпайлы.
Өз өмүрүңдү, мүлкүңдү камсыздандыруу зарылчылык, биз суктанган өнүккөн өлкөлөрдөгү айныксыз эреже.

Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”

