Башкы беткеМаанилүүСалык кызматы январь-февраль айларында 41,4 млрд сом салык чогултту

Салык кызматы январь-февраль айларында 41,4 млрд сом салык чогултту

2025-жылдын январь-февраль айларында 41 млрд 490,5 млн сом салык жана төлөмдөр чогулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, план 4 млрд 91,8 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 10,7 млрд сомго көбөйгөн.

Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 12 млрд 911,3 млн сом жыйналды, бул белгиленген пландан 811,3 млн сомго көп. 2024-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 1,2 млрд сомго өстү.

Эки айда чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы 54 млрд 401,8 млн сомду түздү.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар