Башкы беткеМаанилүүКыргыз темир жолу кыр ашууда

Кыргыз темир жолу кыр ашууда

Майрамды утурлай экономикабыздын маанилүү бөлүгү болгон кыргыз темир жол тармагындагы жетишкендиктер тууралуу да бөлүшүүнү туура көрдүк. “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын (“КТЖ” УК” МИ) маалымат кызматынын берген көрсөткүчтөрүнө карасак ийгиликтер жаман эмес.

Жүк ташуу

 Алсак, 2025-жылдын 6 айынын ичинде кыргыз темир жолу аркылуу 4 943,4 миң тонна жүк ташылып, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине карата 937,3 миң тоннага көп болгон. Жүк ташуунун көбөйүшү негизинен импорт менен экспорттун жана жергиликтүү каттамдарда жүк ташуунун көбөйүшүнүн эсебинен болгон. 6 айда көмүр – 119,1 пайыз, мунай заттары – 125,4 пайыз, курулуш жүктөрү – 128,9 пайыз, цемент – 173,7, жыгач материалдары –104,4 пайыз, башка жүктөр –100,5 пайыз импорттолгон. Ошондой эле жарым жылда Кыргызстандан көмүр – 121,5 пайыз, мунай заттары – 118,5 пайыз, курулуш жүктөрү – 114,6 пайыз экспорттолгон. Ушул мезгил ичинде жергиликтүү каттамдарда жүк ташуунун көбөйүшү 182,9 пайыз болсо, анын ичинде көмүр – 184,9 пайыз болгон.

Жүргүнчүлөрдү ташуу

 Кыргыз темир жолунун ишинин маанилүү багыттарынын бири–жүргүнчүлөрдү ташуу. “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы тарабынан 2025-жылдын жарым жылында 166 310 жүргүнчү ташылса, анын ичинен эл аралык каттам боюнча 7 662 жүргүнчү, республикалык ички ташууларда 158 648 жүргүнчү ташылган. 2024-жылдын 6 айына салыштырмалуу быйыл ташылган жүргүнчүлөр 67 362 жүргүнчүгө көп болгон.  Мамлекеттик мекеменин маалыматына таянсак, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин туризмди өнүктүрүү жаатындагы койгон милдеттерин аткаруу максатында акыркы төрт жылда жогорку комфорттуулуктагы алты вагон жаңыланган. Ошондой эле, “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы тарабынан эл аралык поезддерге билеттерди онлайн сатып алуу уюштурулуп, railway.kg расмий сайтында активдүү шилтемелер жайгаштырылган. Натыйжада жүргүнчүлөр эл аралык каттамдарга билеттерди кассага барбастан эле сатып ала алууга шарт түзүлгөн.

Финансылык көрсөткүчтөр

 “КТЖ” УК” мамлекеттик ишканасы 6 айда каржылык-экономикалык туруктуулугун сактоо боюнча жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен. 2025-жылдын  6 айында “КТЖ” УК” МИнин баланстык кирешеси 2 108 379 миң сомду түзгөн. Ошондой эле аталган мекеме жарым жылда республикалык бюджетке  414 857 миң сом салык төгүп, социалдык фондго 346 707 миң сом которгон. Ошентип бүгүнкү күндө «КТЖ» УК» МИсы ири салык төлөөчүлөрүнүн бири болууга жетишкен.

Айлык маяна жана курулуш

 Отчеттук мезгил ичинде Кыргыз темир жолунун кызматкерлеринин бакубаттуулугун жакшыртуу максатында 2025-жылдын 1-январынан тартып кызматкерлердин кызматтык маяналары жана сааттык тарифтик чендери 15 жана 30 пайызга, компаниянын жумушчу категориясына кирген кызматкерлерине 30 пайызга жогорулатылды. 2025-жылдын 10-июлунда “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин кызматкерлерине бөлүп берүү үчүн көп кабаттуу турак жай комплексин куруу долбоорунун биринчи ташын коюу аземи болуп өттү.

Кыргыз темир жол тармагындагы дагы бир маанилүү нерсе, 2025-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунда “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун негизги объектилеринин курулушун баштоо аземи болду. Иш-чара магистралдын эң маанилүү участокторунун бири – Фергана туннелиндеги иштердин башталышын белгиледи. Азыркы учурда Нарын №1, Кош-Дөбө жана Фергана туннелдерин куруу, анын ичинде бетон заводун, лабораториясын, турак-жай шаарчасын жана “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча башка объекттерди куруу иштери жүрүп жатат.

 Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар