Башкы беткеМаанилүүМинистрлер Кабинети республикалык күйүк борборуна 24 миллион сом берди

Министрлер Кабинети республикалык күйүк борборуна 24 миллион сом берди

Министрлер Кабинети Саламаттык сактоо министрлигине Клиникалык медициналык тез жардам ооруканасынын күйүк бөлүмү үчүн медициналык жабдууларды жана медициналык буюмдарды сатып алууга 24 431 000 (жыйырма төрт миллион төрт жүз отуз бир миң) суммасында кошумча каражаттарды бөлдү. 

Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Жыл сайын Күйүк бөлүмүнө ар кандай түрдөгү күйүк жаракаттары менен 1700дөн ашуун адам кайрылат. Жыл сайын орточо 800 операция жүргүзүлөт, ал эми хирургиялык активдүүлүк 94,1% түзөт.

Бирок керектүү жабдуулардын жоктугу калыбына келтирүү процессин жайлатып, инфекциялардын коркунучун жогорулатат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 17-июнунда Адылбек Касымалиев борбор калаадагы Шаардык тез жардам клиникалык ооруканасынын базасында иштеп жаткан Республикалык күйүк борборуна барып, маселе менен жеринде таанышып, заманбап медициналык жабдууларды алып берүү боюнча тапшырма берген.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар